Береке! Байлыкка мол Ата Мекен.
Жүрөккө бардыгынан жакын экен.
Тянь-Шань! Деген бир сөз ойго түшсө,
Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем.
Тянь-Шань, жылдызыңдан жагылат шам,
Болбостур сөөлөтүңдү сүйбөгөн жан,
Өсө бер,өркүндөй бер, таалайың бар,
Эркиндик жолун ачкан
Кең Тянь-Шань
Жеримдин суусу–дары, таштары–алтын,
Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым.
Таалайга тандап туруп жаралгансып,
Тянь-Шань кышта жылуу, жайда салкын.
Мөңкүшүп мол кашка суу өзөн сайын,
Кулакка симфония берет дайым.
Бейкутка, берекеге белги болуп,
Термелет тентек желге арча-кайың.
Жай-кышы бел кырчоодон чөпкө калың,
Кең Жумгал, Кара Кочкор, Аксай, Нарын
Кой маарап, бээ кишенеп ар өзөндө,
Бай элим күтүрөтүп айдайт малын.
Толкуп кетем толкуй берем
Аида Кулуева — Кең Тянь-Шань тексти
Датасы: 01.09.2020 Көрүүлөр: 4098
Саламатсызбы ушул ырда ката бар ал бардыгынан ал жерде балыгынан деп жазып койупсуз
Саламатсызбы, чооң рахмат ката тапканызга, оңдоп койдук!
Соонун ырго. Мыкты
Мага ырыныз абдан жакты