Адатымды сени жакшы көргөн
Калтырбадым, кантем сага көнгөм
Ойлорумду каптап алып туман
Олтурамын капкараңгы бөлмөм
Судоку, тагдырыма башым жетпей
Же сен кетпей, же мен кетпей
Жүрөк улам сени эстейт, мен эместей
Тротуар, көлөкөм жана өзүм
Жаңырат, ыйлаба деген сөзүң
Жакпай абалым
Таппай амалын
Кайда барарым
Түндөсү саат жылбай, убакыт өтпөй
Же үзүлбөй үмүт өчпөй
Адат болду жашым төкмөй, көңүл чөкмөй
Айганыш Абдиева — Туман тексти
Датасы: 05.04.2024 Көрүүлөр: 2380