Салмактуу, пейили кенен, асыл энем,
Жагылбай бизге тийген күнсүң десем.
Өстүрдүң элден артык аяр карап,
Балдарың, кыздарың дайым бирге силер менен.
Кайырма:
Энекем — берекем, атакем — пейили кенен.
Агарып бубак басты кара чачың,
Күн-түнү бизге арнадың өмүр жашың.
Биз баалап эмгегиңди, ак сүтүңдү,
Ызаттап, урматтап, таазим кылып ийем башым.
Кайырма:
Жайылган ырыскылуу дасторконуң,
Күн-түнү бизге арнадың өмүр жолуң.
Кош колдоп мага сунчу ысык нанды,
Сагындым мен, эстедим мен,
Берекелүү жумшак колуң.
Кайырма:
Айпери Кулбаева — Энекем тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 191