Тамгаданбы же тамчыданбы ал
Биле албадым ай биле албайм
Алтын балыктын эй артынан жүрөм
Кайырмакка иле албай
Ага барбай барбай
Карай берем талбай
Же сүйүүмдү айтпай
Же сүйүүмдөн кайтпай
Же бириге албай
Же бириндей албай
Жүрөм күлүп күлө албай
Көрдүм эле көрдүм
Көрдүм ай
Көрүп эле дароо сүйдүм ай
Жүрөгүмдү сайды эле
Жүрөгүмдү жарды
Бир сулуусу көлдүн ай
Суу экенсиң го
Жоо экенсиң го
Ар бир жигит самачуу
Аны жараткан Ысык-Көлүмдүн
Кудуретин карачы
Неге тиктейм тиктейм
Эмне экенин билбейм
Же жаныңа жетпейм
Же жаныңдан кетпейм
Кээде билем билбейм
Кайра өзүмдү тилдейм
Жалбырактай дирилдейм
Түп жактанбы же тоң жактанбы ал
Биле албадым ай биле албайм
Ал аккуунун мен артынан жүрөм
Тузагыма иле албай
Көздү кадайм кадайм
Неге кайра жадайм
Неге алдына барбайм
Неге көзүмдү алдайм
Сезимимден танбайм
Жакшы ойлордон жандайм
Ак сүйүүмдү айта албайм
Алмаз Шаадаев — Көлдүк кыз тексти
Датасы: 18.05.2022 Көрүүлөр: 12146
Тон деп жазылат тон эмес