Бир жолу токойдон аяз менен коён кезигип калган экен.
Аяз мактана баштады:
«Мен токойдо эң күчтүүмүн. Мен баардыгын жеңем, тоңдурам, музга айлантам.»
-Мактанба, Аяз, жеңе албайсың! — дейт коён.
Жок, жеңем!
—Жок, жеңе албайсың! — коён өз оюнан кайтпайт.
Алар талашып-тартышып отуруп акыры аяз коёнду тоңдурууну чечти. Ал мындай дейт:
«Анда, коён, сени тоңдурам.»
«Кана кыйын болсоң тоңдурчу» — дейт коён.
Аяз коёнду тоңдура баштады. Ызгардуу жана муздак шамал менен коёнду айланып өттү. Ал эми коён, бир жерге турбай ары бери чуркай баштады.
Кыймылдаганда үшубойт да. Анан ал карда тоголонуп, мындай дейт:
«Мага жылуу, мен ысып жатам! Күн чайыттай ачык!»
Аяз чарчай баштады: «Аябай күчтүү коён экен го!» деп таң калат.
Ал жараткан сууктан, дарактардын кабыктары жарылып, дүмүрлөру жарылып кетти. Ал эми коён эч нерсе болбогондой шайыр, бир дөңгө чуркап чыгат, андан сальто салып томолонуп түшөт, андан кийин шуу этип Аяздын жанынан чуркап өтөт.
Аяз толугу менен чарчап бүттү, коён болсо чуркап жүрүп ысый баштайт.
Аяз жеңилгенин мойнуна алып:
Сени тоңдурам деп эсим ооду, сен аябай шайыр жана ойнок экенсиң!
Аяз коёнго ак териден тон берди. Ошондон бери коёндор кыш мезгилинде ак тон кийишет.
Ооба
абдан жакшы
Бир ката таптым
Ооба
жакшы
Апа
Силер «үшүбөйт» деген сөздү ката кылып,»үшубойт»деп жазып сыңар