Кандай жүрөсүз деп сурап дарегиң,
Кадала түштү оттой карегим.
Бейкапар жүрсөм, берип кеттиңби,
Багып алгын деп сүйүү дарагын.
Сезим жанарым, селдей агарым,
Сезим көлүнө чөгүп барамын.
Сагынган кезде санап кадамың,
Санаага түшсөң кайдан табамын
Кабарың мага айтчы, карагым,
Кусалык кысса кайдан табамын
Кучагын жазып тосуп аларым.
Өзүңдү кээде көрөм түшүмдө,
Тунук сырларым толуп ичимде.
Күтүүсүз жерден көрүп калсам деп,
Көчө кеземин элдин ичинде.
Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок сенден өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.
Оюмдан чыкпайт ошол саламың,
Оозун тырмадың бүткөн жаранын.
Жарк эткен нурдан жалтана түштүң,
Жалынга толо сезим жанарым.
Один комментарий к “Азиз Батыров — Сезим жанары тексти”