Күн болуп чыгып
Ай болуп сызып
Асманым бүтүн кооздойсуң
Мага жылдыздай учуп
Жарыгың сунуп
Жашоомдо жанып коштойсуң
Кайырма:
Өмүрдү көрктөп сыр катып
Таң атып, сен деп күн батып
Өзгөрсө дагы бүт дүйнө
Өзүңдүн барың бул бакыт
Көп издеп тапкан
Көңүлгө жаккан
Адамым жалгыз сен болдуң
Ойлоруң уккан
Жолуңдан чыккан
Жомогуң жалгыз мен болдум
Кайырма:
Өмүрдү көрктөп сыр катып
Таң атып, сен деп күн батып
Өзгөрсө дагы бүт дүйнө
Өзүңдүн барың бул бакыт
Өмүрдү көрктөп сыр катып
Таң атып, сен деп күн батып
Өзгөрсө дагы бүт дүйнө
Өзүңдүн барың бул бакыт
Саналган ушул өмүрдө
Сен менен болуу бир бакыт