Үч бир тууган болуптур. Ата-энесинен эрте жетим калышат экен. Балдар эр жетип чоңоюп, өз алдыларынча оокат кылып, үй-жай күтүүгө аракеттенишип, байга малай жүрүшөт. Күндүр-түндүр кара жанын карч уруп, байдын жумушун аткарышат. Канчалык эмгектенишсе да, күндүк тапканы күнүмдүк оокатына жетпейт.

Бакыт-таалай каякта? 2

Эң улуусу бир күнү инилерин чогултуп:

«Бул бизге оокат эмес экен, андан көрө жер кыдырып бакыт, таалай издеп табалык» ‒ дейт. Инилери макул көрүшөт.

Жолго чыгышат.

Бир туугандардын баспаган жери, ашпаган тоосу, кечпеген суусу калбайт.

Ачка болуп кыйналган кезде жер айдап жаткан дыйканга келишип, эси ооп жыгылышат.

Дыйкан аларды үйүнө алып барып нан, жарма берип тойгузуп, эмне мынча чаалыгып-чарчап, жер кыдырып жүргөндөрүн сурайт.

Балдар болгон сырларын жашырбай айтып беришет.
Дыйкан талаадагы тилкени көрсөтөт:

‒ Муну анча тереңдетпей казып чыккыла, бош жери калбасын! Ушул аянттын карыштай жерине бир заманда алтын катылыптыр деп укканым бар.

Бир туугандар тилке жерди бүт казып чыгышты. Бирок
алтын таба алышпады.

Дыйканга келип, жаңжал салышты.

‒ «Шашпаган жетет муратка, шашып кетип калбагыла уятка» деген сөз бар. Андан көрө ошол казылган жерди бош таштабай буудай эгип таштагыла! ‒ дейт дыйкан күлүмсүрөп.

Тигилер мостоё түшүшөт. Бирок эми андан башка айла калбаганын түшүнүшкөн бир туугандар дыйкандын айтканын кылышат.

Күркүрөгөн күздө ошол аянтчадан аябагандай мол түшүм алышат. Ошондо гана ага-инилүү жигиттер бакыт-таалайдын кайда болорун түшүнүшкөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы71
Акылдуу кыз жомок49
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок34
ЖАЛКОО31
Акылдуу кыз30
Көмөч нан (колобок) жомок27
Дыйкан жана мышык25
Коён менен кирпи20
Акылдуу балдар19
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)15

Бакыт-таалай каякта?: 22 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *