Сөзү, обону Элдики (Үзунду)

Ийнемдин учун майтардым, 

Бүгүн бир короо кайтардым. 

Ийнемдин учун түзөттүм 

Ишенбей короо күзөттүм.

Уугумдун учу долоно, 

Ууру да, бөрү жолобо.

Ууру бир келсе уштайбыз, 

Башын бир айра муштайбыз.

Короомдун учу таман жол, 

Кайтарган короом аман бол. 

Кыз-келин короо күзөткөн, 

Илгертен калган салт ошол.

Ууру келсе уштайбыз, 

Бетин айра муштайбыз, 

Төөгө чиркеп байлайбыз, 

Төбөгө чаап айдайбыз.

Кара-Тоону этектеп, 

Мен коноюн Бекбекей. 

Кара макмал тонуна, 

Жең болоюн Бекбекей.

Кызыл-Тоону этектеп, 

Мен коноюн Бекбекей. 

Кызыл жака тонуңа, 

Жең болоюн Бекбекей.

Иче турган ашыңа, 

Бал болоюн Бекбекей. 

Мине турган атыңа, 

Жол болоюн Бекбекей.

Күндөп-түндөп жүгүргөн, 

Түлкүнүн буту сөгүлсүн. 

Түн уйкуну үч бөлгөн, 

Көк чунак каны төгүлсүн.

Койдун сүтү коргошун, 

Кой уурдаган оңбосун. 

Эчкинин сүтү эрменде, 

Эчки уурдаган шерменде.

Бекбекей айтып кыз-келин, э-ээ-э-эй

Ай жарыгы түндө ойнойт э-ээ-э-ээй

Адырда жылкы кайтарган э-ээ-э-э-й Жылкычы жигит кимди ойлойт ээ-ээ-ээ-эй

Бекбекей тексти: 27 комментарий

    1. Бекбекей качты бел ашты белине бел боо жарашты саксагай качты сай ашты ээй садына сада жарашты ээй

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *