Улуу орозо айы башталганда айылдык бир поп бул ачкачылык кармаган күндөрдүн саны канча болсо ошончо куурулган буурчакты чөнтөгүнө салып, күн сайын аларды бирден салуу менен орозонун бүтүшүн билмей болот. Бир күн өтпөй анын чөнтөгү толо буурчакты көргөн аялы: «Байкушум, орозодо ачкалыгына чыдабай бизге көрсөтпөй буурчак жейт турбайбы, бирок аз экен, дагы кошуп коёюнчу”, — деп бир ууч буурчакты абышкасынын чөнтөгүнө салат.  Поп күн өткөн сайын бирден буурчакты алып салып турат. Ошентип орозо айы да аяктайт, бирок  алиги поп башкарган айылдын ачкачылыгы бүтпөйт. Бир күнү дыйкандар андан сурашат:

— Атакеси, Улуу орозо качан аяктайт?

— Менин чөнтөгүмдө дагы бир ууч буурчак бар, ошол түгөнгөндө.

Дыйкандар орозону Кудайдын күнү билеби же поптун буурчагы билеби деген ойдо ийин куушуруп басып кетишет.

Муну уккан поптун аялы өз катасын түшүнөт да, кечиндеси абышкасынын чөнтөгүндө калган буурчактын экөөсүн калтырып, калганын алып салат.

Поп эки күндөн кийин орозо бүткөнүн жарыялайт. Айтканы эки ача чыккан попко эл экинчи ишенбей калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Көмөч нан (колобок) жомок18
Алтын балык17
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)13
Жетим менен сыйкырчы жомок11
Акылдуу кыз10
Кыска жана күлкүлүү жомоктор9
Дервиштин кызы7
Жарык жол7
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок7
Акылдуу балдар5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *