«Калптын казаны кайнабайт»
Илгери-илгери бир заманда сотко арызданган эки киши келиптир. Алар ачууланышып, бири-бирине жиндери келип алышкан эле. Соттун алдына келишкенде картайып калган киши сөз баштап:
— Эй сот, мени угуп турунуз. Мен бир жыл мурда ажыга барайын деп ниет кылган болчумун. Анан жолго даярдана баштадым. Менин кымбат баалуу бир шакегим бар эле. Жолдо жоголуп кетпесин деп аны бул досума алып келип бергенмин. Себеби ал менин кошунам эле. Анан ага мен аябай ишенчүмүн. Ага мен: «Бул шакегим мен ажыдан келгенге чейин сенде аманат болуп турсун. Кайра келгенде сенден алам» деген элем. Ошентип мен ажыга барып үч күн мурда ажыдан кайра келдим. Анан бул кошунамдан шакегимди сурадым. Сурасам ал мага: «Кайдагы шакекти айтып жатасың? Мен сенден эч нерсе алган эмесмин», деп танып жатпайбы.
Ушундай да адамгерчиликсиз адам болобу? Жалган айтып, анан аманатты кайра бербей жатат, — дейт.
Сот картаң кишинин сездөрүн уккандан кийин бир азга ойлонуп туруп, жаш адамга кайрылып:
— Сен буга эмне дейсин? Шакекти чындап алдың беле? — деп сурайт.
Ал аябай таң калып:
— Эмне айтарымды да билбей турам, урматтуу сот. Бул адамдын максаты сизди алдап, бербеген шакегин алуу. Мындай алдамчылыкты мен көргөн эмесмин. Чынын айтканда күбөсү да жок, — деди.
Сот бул жооптон кийин ойлонуп туруп, картан кишиге карады да:
— Сен мени уккун! Эми сен шакегим жоголду деп эсептей бер. Себеби эч кандай күбөн жок тура. Айтчы, шакекти кайсыл жерде бердин эле? — деди айласы кетип.
Картан киши:
— Күн ачык тийип турган. Анан дагы жолдун боюнда бир дарак бар эле. Айланабызда эч ким жок болчу. Мен мунун минтип шакегимди бергенин танып кетээрин кайдан билдим. Ошол жерде эле бергем, — деп жооп берди.
Сот:
— Ммм… — деп азга ойлоно тушту да кайра картаң кишиге карап:
— Анда бар сен ошол берген жериндеги дарактан бир бутак сындырып кел, Кудай ал бутакты сүйлөтүп жибериши деле мүмкүн. А сен келгенге чейин бул кошунан ушул жерде калып турат, — деди.
Картан киши соттун айткандарын аткаруу үчүн дароо жөнөп кетти. Арадан бир топ убакыт отту. Аягында чыдабай кеткен сот:
— Бул картан киши аябай кечикти го, качан келет? Же келбейби?- деп өзүнчө сүйлөндү. Ал эми берки адам болсо камырабай:
— Оой, ал адам канат байласа да тез келе албайт. Себеби, ал дарак аябай алыста, — деп жооп берет. Сот бул сөздөрдү угаар менен дароо ордунан тура калып:
— Мына, сенин жалган сүйлөгөнүн билинди эми! Демек, сен ал дарактын кайда экенин билет турбайсынбы?.. Эгерде шакекти алган эмес болгонунда ал дарактын кайда экенин да билбейт болчусун. Мына көрдүнбү дарактар кандай сүйлөгөндүгүн көрдүнбү эми? Жалганчынын шамы кар түшкөнгө чейин эле күйөөрүн билбедиң беле? Дароо барып, шакекти ээсине бергин, уктунбу! — деп буйрук берген экен.