Дарак ыйлайбы? 2

Марат ташмылтык жасаганга ылайык ачакей бутак издеп жүрүп, аны үйдүн тушундагы ак кайыңдын төмөнкү бутагынан тапты. Чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, ачакейди кесип алды. Кайыңдын түбүнө отуруп, анын кабыгын тазалады.

Ошол кезде колуна тамчы «тып» этип тамды. Марат өйдө жакты карады. Асман ачык эле. Ишин кайра улантты. Көп узабай колуна экинчи ирет тамды. Ошондо ордунан туруп, «Кайдан таамп атты болду экен?» дегендей, өйдө жакты карай баштады. Ана, тамчы эми бетине тамды. Көрсө, алиги бутагы кыйылган жерден сызылып суу чыгып жатыптыр.

Марат буга аң-таң калды. Ал тамчыны үйүнө келгенден
кийин да унута албады. Бул жөнүндө атасына да айтты.
А атасы ойлонуп калды.

‒ Жер бетинде көгөрүп турган өсүмдүктүн баары адам-
дар сыяктуу эле тирүү, ‒ деди ал кыйладан кийин. ‒ Алар-
ды сындырсаң, кыйсаң эти ооруйт, жабыркайт, кыйналат.

Марат атасына таңгала карады:
‒ Чын элеби?

‒ Тиги тамчы бекер тамды дейсиңби, уулум? ‒ деп сө-
зүн улантты атасы. ‒ Ал жөнөкөй тамчы эмес, кайыңдын көз жашы го? Балким, кесилген жеринин ооруганына чыдабай, ыйлап жаткан чыгар…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Көмөч нан (колобок) жомок18
Алтын балык17
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)16
Жетим менен сыйкырчы жомок11
Акылдуу кыз10
Кыска жана күлкүлүү жомоктор9
Дервиштин кызы7
Жарык жол7
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок6
Акылдуу балдар5

Один комментарий к “Дарак ыйлайбы?”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *