НАМЫС

Качандыр бир заманда тоолуу айылда жашаган үйбүлө болуптур. Ал үйдө карыя, анын байбичеси, уул-келиндери жана кыз-кыркыны жашаптыр.

Карыя бир күнү таң эрте туруп, түндөсү калың жааган карды көрөт. Босогодон сыртка аттап, короодогу жаңы түшкөн изди көрдү. Из дарбазага чейин кеткенин байкады. «Таңатпай кимдин изи болду экен?» Кооптонгон карыя издин артынан жөнөдү.

Читать далее НАМЫС

НААБАТ

Илгери өткөн заманда Азил деген кан өзүнүн акылдуулугу менен элин жакшы башкарып, бейпил убак менен эли куунап- жыргап бир нече жыл жашаптыр. Бирок оп тартканда үйдөй таштарды жутуп алуучу ажыдаар сууну бөгөп жатып алат. Ал эми ажыдаардын өзүнүн шарты боюнча күнүгө бир кыз бербесе суу берүүчү эмес экен.

Күндөрдүн биринде кезек Азил кандын улуу кызына келет. Кан элин чогултуп:

Читать далее НААБАТ

НАН ЖАНА АЛТЫН

Аббас аттуу кедей дыйкан бар экен. Күнү бою баш көтөрбөй, бел чечпей иштеген ал кичине эле бош убактысы боло калса бул ит турмуштан сууруп чыгуучу, жыргал жашоого жеткирүүчү казынаны кантип табам деп ойлоно берип, акырында кызыл-кызыл кыялдарга да батып кетет.

Абдан ысык аптаптуу күндөрдүн биринде ал кадимкисинче талаада иштеп жүрүп, бир кезде чарчаганда бактын көлөкөсүнө отуруп адатынча кыялдана кетти: “Эгер мага Кудай эмнеге колум тийсе ошону алтынга айланткан укмуштай бир улуу касиет берсе, мен мындай оор жумуш менен ит турмуштан арылып, жалаң жакшы жашоодо жыргап-куунап өтпөйт белем.

Читать далее НАН ЖАНА АЛТЫН

НААВАЙЧЫ МЕНЕН ЭЭСИЗ КҮЧ

Наавайчы түндөсү камырын жууруп коюп, камыр ачыганга чейин тук этип алмай болот. Уктап калары оюна да келбейт. Бирок ушундай катуу уктаган экен, таң атканда ойгонот. Заманы куурулат: камырым нанга жарабай калып, оңбогондой чыгымга учурадым го деп ойлойт.

– Өлдүм, өлдүм! Камырдан да, акчадан да кол жуудум! Эртең эми кайсы акчама ун алам?

Карбаластап камырга жүгүрүп жетсе, кудай мындай бербеспи – оозу ачылды: нандары таптатынакай бышып, сатыкка дапдаяр болуп калыптыр. Ушунчалык сонун бышкан экен, кардарлар нанды бир заматта талап кетишти!

Кийинки түнү да наавайчы камырын даярдап, уктап калды. Бу жолу да наны шумдук бышыптыр. Наавайчы түн сайын ошентчү болду, байып да кетти.

Бир күнү ал колуктусуна айтты:

– Кел, жашынабыз да, биз үчүн ким ушунча берилип нан бышырганын тешиктен шыкаалайбыз.

Экөө түн оокумда каалганын ачкыч салган тешигинен нан бышырган көңкө жакты шыкаалашты эле, үстү жыртык, бою пекене немис костюмун чечти да, шымаланып ишке киришти. Нанды бышырган соң, кийинип, кетип калды.

Эрди-катындын боору ооруду тиги немиске. Кийинки күнү алар ага жаңы костюм сатып келип, көңкөнүн жанына коюшту эле, бирок ал кандай жатса ошол бойдон жатты. Кол тийбеди, немис жер жуткандай жок болду. А эрди-катын муну: демек ал немис эмей эле, ээсиз күч турбайбы деп түшүнүп калышты.