Карышкыр ачка болучу. Кулун ээрчитип оттоп жүргөн бээнин жанына келип, шилекейин чубуртту:
“Кулундун эти кандай гана таттуу! Мага мунуңду сатпайсыңбы?» — деп кайрылды бээге.
Албетте, — деди бээ. Сатпагандачы, сатам.
Канчага сатаар элең?
Канчагабы? Эсимден чыгып турганын карабайсыңбы. Анын наркы менин темир такамда жазылуу эле. Сен сабаттуу жансың го, өзүң окуп алчы, деп арткы бутун көтөрдү бээ. Карышкыр айланып барып, такадагыны окумакчы болду.
Ошол замат бээ аны карылуу буту менен тумшук талаштыра тээп калды. Карышкыр оңко-чоңко атып барып, кулады. Мына сага кулундун ширин эти!
Ката жоок кен
Карава эмес караба
Карава эмес караба
Жок ката жок экен
Болчу деген созду болучу деп жазып коюптур