Ак жоолук салып башына,
Ак көйнөк кийип буралган.
Аялдын эле асылы,
Убада сөзгө тура алган.
Акылгөй болуп элине,
Алдыңкы чарба кураган.
Кайырма:
Уркуя – ыйык энебиз,
Эмгегин даңктап келебиз.
Уркуя – баатыр энебиз,
Өмүрүн даңктап келебиз.
Элим деп жанын аябай,
Мээнетин элге үрөгөн.
Курууга жаңы заманды,
Тайманбай элди сүрөгөн.
Таамай сөз, тайбас мүнөзүн,
Мырзалар баалап, сүрдөгөн.
Кайырма:
Кырчындай жапжаш кезинде,
Канкорлор кыйды өмүрүн.
Аз жашап, бирок баркталган,
Атагы калды эл үчүн.
Арманда кеткен асылды,
Унутпайт кыргыз эл бүгүн.
Кайырма:
Сайкал Садыбакасова — Уркуя тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2759
Оа ото Сонун азаматсын сайкал