Түшүмдө да, өңүмдө да элесиң,
Тарта берет махабаттын желесин.
Учуп түшкөн жалбырактан көз албай,
Улам карайм убакыттын жебесин.
Бийик тоого бирге экөөбүз чыгалы,
Бизге калыс улар үнүн угалы.
Карегиңе карегимди ширетсем,
Канар бекен сагынычтын кумары.
Кайырма:
Чалкып жаткан көл калаасын бойлойлу,
Чын сүйүүнүн ырахатын ойлойлу.
Түрмөктөлүп бизди карай умтулган,
Толкундарга таш ыргытып ойнойлу.
Куулар учту, биз да канат кагалы,
Күтүп турат көктө күндүн жамалы.
Кучагына кең ааламдын тартылып,
Көкүрөккө жылдыздарды тагалы.
Өтүп жатат мезгилди ээрчип дил күчү,
Өмүрүмө жаз тартуулап гүлдөчү.
Мүнүшкөрдүн шумкарындай учайын,
Махабабаттын сересине үндөчү.
Кайырма:
Съездбек Искеналиев — Махабат сереси тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 767