Бир күнү монастырдын башчысы бир кечилге айтты:
– Кампага чычкан толуп кетиптир. Айылга барып бир мышык алып келчи.
Ал кечилдин кулагы жакшы укпайт экен. Айылга келип кичинекей сиңдисин ойнотуп отурган кызды көрүп, ага айтат:
– Башчыбыз мени монастырга балапан алып кел деп жиберди.
Кыздын да кулагы укпайт экен, тигинин айтканына кыйкырып жиберди:
– Баланы ким сураса да бербеймин! – деп аябай жини келип, колун булгалап жиберди.
Кечил да каарданып кыйкырды:
– Сен кудайга кызмат кылган кишиге эмнеге ачууңду келтирип күнөөгө батып жатасың?! – деди кызга таарынып.
Кечил жооп күтпөстөн кайра кетип калды. Кыз кулагы укпаган энесине жүгүрүп барып айтты:
– Монастырдын башчысы эмнегедир ага баланы алып келсин дептир!
Дүлөй аял бакты көздөй жөнөдү. Ал жерде тамаринд дарагынын көлөкөсүндө күйөөсү мышыгы менен ойноп отурган.
– Тур, жолго даярдан, монастырдын башчысы биздин музоону алып келсин дептир.
Окшошконго мушташкан болуп күйөөсү да дүлөй экен.
– Мейли, – дептир чала уккан күйөөсү. – Мышык десе мышык алып барып берели. Кудайга кызмат кылгандардан эмне аямак элек!
Ошентип айтып, мышыгын монастырга алып келди. Башчы мышыкты алып кечилдерге айтат дейт:
– Карасаңар, дүлөй болсо да баарыңардан жакшы, айтканды так аткарат!