Бар экен, жок экен, Хунзаха жергесинде бир түлкү жашаптыр. Ал бир күнү коңшу айыл өрттөнгөнүн угуп: “Барып көрөйүн тумшугума бирдеме илинип калгысы бардыр”, — деген ойго келди.
Жолдо келатып бытпылдыктап жаткан бөдөнөнү көрдү. Айран таң калган аңкоо кебетени кие калган түкөң үн катты:
— Сен кандай гана жакшы сайрайсың! Мындай аргендей кооз үндү сеникиндей көздөр гана чыгара алат.
— Хе-хе, мына бул келесоону карасаңар! — келекелеп күлдү бөдөнө. — Кайсы атаң айтты эле көздөрдөн үн чыгат деп?..
— А сен көздөрүңдү жумуп туруп ырдап көрсөң, ошондо анан билесиң, — деп түкөң кууланды.
Акылдуусунган бөдөнө ошол замат көздөрүн жума салып бытпылыктай баштады. Ушуну гана күткөн түлкү акырын жылып барып, сактыгын жоготкон бөдөнөнү кармап жеп салды.