ЫРАКАТ ИЗДӨӨ

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
12

Өтө жалкоо улан жашаптыр. Болгон кыймылы: эртеден кечке тиягына ооп, биягына ооп гана жамбаштап жатмай. Ага эчтеңке жакпай, жашоо ыракатын таппай, бушайман.

“Жашоо ыракаты эмнеде?” – өзүнө бир күнү суроо коёт да, издеп жөнөйт аны.

Үйүнөн чыгат. Бир далай баргандан кийин жолун тороп калдайган тоо турат алдында. Аша алаар эмес аны. Тоо этегинде жер чукуган кары дыйкан көрүнөт.

– Чоң ата, – дейт улан, – жашоо ыракатын кайдан издеп тапсам болот?

— Билем аны табышты, – дейт ишинен башын көтөрбөгөн кары, – бирок аны сага айтып берер болсом, ишим токтоп калат.

— Сиз үчүн мен иштейин, а сиз айтып берсеңиз болобу? – дейт улан.

— Болбой анан!

Улан күрөктү алып, ишке киришет. Жону күнгө куйкаланып, тулку-бойдон тер кетет… Ишти токтотоюн десе – жашоо ыракатын кантип, кайдан билет!

Аргасыздан жер казышка туура келет.

А тиги чал дарактын көлөкөсүнө ыктап, байкоо салып отурат да, бир далайдан кийин үн катат:

— Кел кагылайын, бир саамга тыныгып ал!

Улан күрөктү таштап, жан жыргаткан көлөкөдөгү чалдын жанына келип отурат. Чал ага калтасынан тамекисин алып сунат. Улан чылымдан чегип:

— Ох, жырга-ал! Ыракат деп ушуну айт! – бул сөз өзүнөн өзү оозунан чыгып кетет.

— Жыргал эмей эмине! Жашоо ыракаты деген эле ушу! Мындай ыракат – эмгек кылган кишини өзү эле таап алат, – дебеспи чал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.