Мейли аны тандагың
Мейли аны барктагың
Жүрөк түбүнө сени сактадым
Мейли мен муңайсам да
Мейли мен кайгырсам да
Тек сен кайгырба муңайба ыйлаба
Кайырма ;
Жүрөгүмдү неге жазаладың жазаладың неге
Көңүлүмө бир жылмайып карабадың карабадың неге
А мен сага ашык болуп калган үчүн жазаладың беле
Аруу таза махабатым баалабадың барктабадың неге
Сенсиз жашоого кадам
Таштап үйрөнүп жатам
Башка аргам да жок эми
Сенсиз атып таңдарым
Сенсиз үмүт ойлорум
Кайгы кербенин улап чарчадым