«Жылуу сөз жыланды да ийинден чыгарат»
Алыс бир өлкөдө бал саткан таттуу, жагымдуу сүйлөгөн бир жаш бала жашаптыр. Ал бала ушунчалык жайдары жүргөндүктөн, аны көргөндөрдүн көнүлү ачылчу экен. Ошондуктан анын балын сатып алуучулары да аябагандай көп экен. Бул бала балдын ордуна башка нерсе сатса деле адамдар ага келе беришчү. Себеби анын бал тилдүү таттуу сөздөрү аларды арбап, сүйлөшкүлөрү келе берээр эле.
Бул бал сатуучу баланын майда-чүйдө нерселерди саткан каардуу кошунасы бар экен. Анын дайыма кабагы ачылбай адамдарга сүйлөчү эмес. Ошондуктан анын кардарлары аз болуптур. Ал кошунасы бал саткан балага атаандашып, бал сата баштаптыр. Адамдар ага бал алганы эле келет деп ойлойт да, дүкөндү ачкандын эртеси күнү эле эң жакшы балды алып келип коёт. Анан ал алуучулар келет деп күтө баштайт.
Бирок ал күнү эч ким келбей коет. Жада калса балына чымын да конбой коюптур.
Бул ачуулуу адам муну такыр түшүнө албай коёт. Себеби анын балы кошунанын балынан алда канча таттуу, эң жакшы бал болчу.
Ал эми тигил кошуна баланын балы анча жакшы болбогонуна карабастан, ага келген адамдын саны аябагандай көп эле. Мына ушинтип балына кардар келбей ачууланган ачуулуу адам аябай капаланып кечинде үйүнө кайтат.
Аттин, чынында эле бул каардуу сатуучу, адамдар балга эмес, алгач таттуу сөздөрүн айтып, оной тил табышкан кишиге келээрин билгенде ушул кымбат баалуу балын 2-3 эсе кымбат да сата алмак.
Мынакей, эгерде биз да адамдарга жаркын маанай жана тоттуу тилибиз менен кайрылсак, анда алар дагы жакшы мамиле кылаарын билишибиз керек. Биз дагы мына ушул бал тилдүү бал саткан баладай жайдары, көнүлүбүз ар дайым ачык болсо, анда элдин баары бизди жакшы көрөөрү албетте чындык. А чынында ачуулуу жана каардуу адамды ким жакшы көрмөк эле!?