Эки кошуна бар экен. Бир күнү бири эшигинин алдында отурса экинчиси үйүнөн чыга келип, так секире сүйүнүп, кооздук үчүн өстүрүлгөн көк шиберге кулап түшүп, кубанычтуу үн чыгарып, каткыра күлүп, ары-бери тоголонуп оонай баштайт. Биринчи кошуна экинчисинин бул жоругуна айран таң калып туруп калат, анан эсине келгенсип сурайт:
— Педро, сага эмне болду? Жинди болгондон соосуңбу?
Педро эч нерсе укпагандай түр көргөзгөнү менен ордунан турат, бирок кайра эле шиберге кулап, ары-бери тоголоно оонап, каткыра күлүп, кубанычтуу үн чыгарат. Айран таң калган кошуна кайрадан сурайт:
— Педро, айтчы бай болгур! Эмне болду сага? Өзүңө келчи!
— Аялым башкага кетип калды! – акыры жооп берет Педро.
— Ага эмне кубанып жатасың? Кайра ыйлабайсыңбы!
— Эшекче жокмунбу, эшекче! Качан анын жонунан бүт жүктү түшүрүп, ээрди шыпырып алганда жерге жата калып оонайт, күлө албаганы менен ушунчалык кубанат дейсиң. Эшекче жокмунбу! – деп Педро кубанычтуу күлүп, ары-бери тоголонгон экен.