Бар экен, жок экен – Нурланда бир жигит жашаган экен. Бир күнү ал үйлөнмөй болуп, апасына окшош кыз издейт. Анткени апасы абдан тыкан жана таза аял болуптур.
— Бардыгы таза жана жыйнактуу болушун каалайм, — деп эле кырынып, сүрүнүп турчу экен ал.
Андыктан баласы да ошондой колуктулуу болгусу келип, издөө салат. Көп эле кыздар чыгат, бирок апасындай тазасы кайда. Акыры буюрганы ушул деп бир кызга көздү жумуп үйлөнмөй болот. Кыз болсо зымпыйып, үйү деле жыйнактуудай. “Үйлөнгөн күндүн эртеси бир илээндиге туш болгонумду билсем өлдүм”, — деп корккон жигит ары-бери ойлонуп бир амал жасамай болот да, эртең сөйкө салабыз деген күнү колун таңып алат. Кудалар кужулдашып, жаштар шарактап, эки жаш жакындан таанышып, той жаңы башталганда колукту жигиттен сурап турганы:
— Колуңузга эмне болгон?
— Колума жара чыгып, такыр эле айыкпай жатат.
— Табыпка бардыңызбы?
— Бардым, бирок шыпаа кыла албады. Бир гана былтыркы жылдын боткосун шыбасаң айыгат деди. Андай тамак бүт аймакты кыдырсам да чыкпады.
Муну укканда колуктусу каткырып жиберди:
— Андай былтыркы ботко турмак биздин казанда, табакта, мискейде мурдагы, андан аркы жылдардын ботколору ачып-кычып турбайбы. Буюрса, жараңызды бир заматта айыктырат экенмин!
Муну укканда кайран жигит ордунан атып туруп, бут кийимин кийбей сыртка атып чыккан бойдон жылаңаяк безип жөнөйт.
Мына сага таза колукту!