Эли өлбөстүн күнүн эптеп көрүп жатса да башын оорутуп алар жөнүндө бир да ойлонуп койбогон, жашоосун жалаң шапар тебүү менен өткөргөн падыша жашаптыр. Ага бир акылдуу адам кызмат кылчу экен. Падышанын элине болгон кайдыгерлигине күйүнгөн ал бир күнү чыдабай кетип бул акмактыгын анын бетине минтип айтып салат.
— Сенин мойнуңда бүткүл элдин тагдыры турса да мамлекет жөнүндө таптакыр ойлонгон жоксуң, букараларыңа кам көрбөдүң, бул үчүн Кудай алдында жооп бересиң!
Буга катуу чычалаган падыша акылдуусунган кызматчынын башын чаптырып салмай болду.
— Ушундай эле акылдуу экенсиң, менин үч суроомо жооп берчи, — деди аны жазалардын алдында падыша. – Эгер туура жооп берсең башыңды чаптырбасмын… Анда жооп бер, деңизди ичип түгөтсө болобу, чыгыштан батышка чейин канча күндө жетсе болот, анан мен канча турам?
Ойлоно түшкөн кызматчы минтип жооп берди:
— Дарыяны ичип түгөтсө болот, эгер баардык дарыялардын ага карай агуусун токтотсо, чыгыштан батышка күндөн башка эч ким жете албайт, ал бул жолду бир күндө басып өтөт, ал эми үчүнчү сурооңуз боюнча жооп берсем, катуу тийсе кечирип коюңуз, сиз бир тыйынга да арзыбайсыз, анткени сизди базарга койсо эч ким сатып албайт.
Муну укканда падышанын катуу жини келгенинен улам тиши кычырап кетти. Бирок өзүн кармап, акылман кызматчыны кечирүүгө аргасыз болду. Анан ошондон кийин элдин жашоосу жөнүндө ойлонуп калды.