Бир жолу король мергенчиликке баратып, талаасында иштеп жүргөн дыйканды көрдү. Ал дыйканды өзүнө чакырып минтип сурады:
– Сен күнүнө канча иштеп табасың?
– Төрт тыйын иштеп табам, король.
– Анан ал төрт тыйынды эмне кыласың?
– Биринчиден,– деп жооп баштады дыйкан.– Мен жеймин, экинчиден, кийинкиге койом, үчүнчүдөн, кайра кайтарып берем, ал эми төртүнчү тыйынды болсо ыргытып жиберем.
Король бул жоопко түшүнбөсө дагы, ал кандайдыр таңгалычтуу болсо да, өз жолу менен кете берди. Мунун үстүнөн ойлонуп-ойлонуп, оңчулуктуу бүтүм чыгара албады. Ошондо ал кайрадан артты көздөй чаап келип дыйкандан айткан сөзүнүн жообун талап кылды.
– Биринчисин жейт экенсиң, экинчисин кийинкиге койот экенсиң, үчүнчүсүн кайрып берет экенсиң, төртүнчүсүн ыргытып жиберет экенсиң, бул эмне жоругуң?
– Мунун жообу опоңой эле,– деп жооп берди дыйкан.– Биринчисин мен өзүм жеймин, экинчи тыйын менен балдарымды багам, үчүнчү тыйын менен атамды азыктандырам, кийинтем, башкача айтканда, мени баккандагы мээнетин кайтарам, ал эми төртүнчү тыйынды аялыма сарптайм. Ал ушунчалык ажаан жана жалкоо, ошондуктан ага коротулган акчаны мен жоготулган каражат катары эсептейм.
– Эми түшүндүм,– сүйүнүп кетти король.– Бир гана мага убада бер, менин жүзүмдү жүз жолу көргүчө буларды эч кимге айтпайм деп.
Дыйкан муну эч кимге айтпайм деп убада берип, король кайтып кетти. Эртеси күнү король өзүнүн жан-жөөкөрлөрүн чогултуп баягы дыйкан өзүнө айткан табышмакты айтып, жандырмагын табууну буюрду. Министрлер баштары менен жер сүзгүлөшсө да оңчулуктуу жооп таба алышпады. Бирок баарынан куу бир министр мурунку күнү падыша мергенчиликкке баратып да, келатып да бир карапайым дыйкан менен жолугушуп, көпкө сүйлөшкөнүн эстей калды. Болду болбоду бул табышмакты алиги дыйкан королго айтса керек деген шек менен министр дыйканга келди. Ал королго анын жүзүн жүз жолу көргөнчө эч кимге айтпоону убада кылганын айтып, министрдин суроолорунун бирине дагы жооп бергиси келген жок. Ошондо баардыгын акчанын күчү менен чечип жүргөнгө көнгөн кокурайган министр дыйкандын алдына ар биринде королдун сүрөтү түшүрүлгөн жүз тыйын койду. Алардын ар бирин карап чыккан соң дыйкан табышмактын жандырмагын айтты. Өзүнө ыраазы боло кайтып келген министр королго туура жоопту айтты. Бирок король буга аябай ачууланды.
– Муну сен өзүң чечкен жоксуң, дыйканга барып сурап келдиң,– деп дароо эле божомолдоп билип койду дагы, желдеттерине сөзүнө турбаган дыйканды алып келүүнү буюрду. Качан алар дыйканды алып келгенде король ага кыйкырды:
– Эмне үчүн берген убадаңды аткарбайсың?
– Бирок королум, мен сиздин жүзүңүздү бул жүз тыйындан көрдүм да,– деп ал тыйындарын үстөл үстүнө койду. Мындан соң королдун дыйканды бошотуп жибергенден башка аргасы калбады.
Сонун