«Колундагы барга ыраазы болгон — чыныгы бай адам»

Илгери-илгери бир замандарда бай падыша жашаптыр. Анын айтып буткус байлыгы баарын тан калтырчу экен. Бирок ал колундагы байлыкка алымсынбай, дагы көп болсо экен деп тилей бериптир.

Күндөрдүн биринде падышага бир кайырчы келип, Аллах ыраазычылыгы үчүн кайыр кылуусун суранат. Бирок падыша буга аябай ачуусу келип, аны тойгузуунун ордуна сарайынан кууп чыгарат. Буга кайырчынын зээни кейийт да:

— Эмне дээримди да билбей турам. Ээ, мына cara! Ар бир кармаганын алтын болсун! — деп жакшы тилек айтып, кетип калат.

Кайырчынын тилегин угуп падыша ичинен күлүп коёт. Анан дагы: Иий ата! Чындап эле кармаганым алтын болсо кана! Анда дагы да бай болмокмун» — деп ойлонуп кала берет.

Падыша ушинтип ойлонуп отуруп, суу ичкиси келип кетет. Колун чыныга узата бергенде чыны да, суу да алтынга айланып калат. Эси оогон падыша стулун кармап керет. Ал да алтынга айланат. Падыша кайырчынын тилеги ишке ашкандыгын дароо эле түшүнөт. Алгач аябай кубанып кетет. Бирок бир аз убакыт өткөн соң, убара тарта баштайт. Анткени, кармаганынын баары алтынга айлана берет.

Мына ушинтип, ойго чөмүлүп эси ооп отурган учурда кызы чуркап кирип келет. Кызын кучактайын десе, кызы да алтын айкөлгө айланып калат. Айласы кеткен падыша «Ушундай көрүнүштөр кайталана берсе, мындан ары эмне кылам?»- деп ойго батат. Акыры таптакыр тамак-аш да жей албай калат. Сарсанаага баткан падыша бул нерседен кутулуу үчүн өлкөдөгү эн кыйын аалымдарга кайрылууну чечет. Алар өлкөдөгү эң акылман карыяны таап келишет. Падыша ага болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Акылман карыя падышаны угуп бүткөн соң:

— Эми булардын баарын өз ордуна коюу жана бул сыйкырды жоюушунуз үчүн сиздин бир эле жолунуз бар. Таза, тунук аккан булак суусуна колунузду жууп, сарандык, ичи тардык кылбаганга сөз бериниз. Анан ушул сөзүнүздү иш жү зүндө аткарышыныз, — дейт. Бул кеңешке кулак салган падыша карыянын айтканынын баарын так аткарат. Чын көкүлдөн сарандык жана ичи тардык
кылбаганга сөз берет. Мына ушундан кийин гана алтынга айланган баардык нерселер кайра өз калыбына келет.

Ошентип падыша дайыма жоомарт, кен пейил болуп, баарына берешен болуп, эч кимден эч нерсе аябай турган болуп калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сараңдык — Кармаганы алтынга айланган Падыша: 8 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *