Кайгыны ойго илбейли,
Карылык эмне билбейли.
Канакей, жаштар, эмесе, ай,
Калкылдап эркин бийлейли.
Кайырма:
Кылчактап улам күймөнүп,
Кызарба, курбум, сүрдөнүп.
Кел, кошул, биздин катарга,
Кетесиң кийин үйрөнүп.
Күүлөрүн төгүп жиберип,
Музыка алат имерип.
Коомайлап белден кармаса,
Колдору болот билерик.
Кайырма:
Жүрөктү жүрөк тандасын,
Сүйгөнүн сүйгөн жандасын.
Байкалбай кай бир уяңдар,
Бийлебей четте калбасын.
Бир-бирин сүйкүм карашып,
Буттарга буттар жанашып.
Кыз-жигит бирге бийлесе,
Карачы кандай жарашып.
Кайырма:
Жаштыктын ыры — махабат,
Жаштарга нурун таратат.
Жаш кезде ойноп, гүлдөгүн,
Жаштык кез өтүп баратат.
Алтынбек Сапаралиев — Жүрөктү жүрөк тандасын тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 394