Бала:
‒ Ай, ак куулар, ак куулар,
Асман, көлдө шат курар.
Барбы сүйгөн ишиңер,
Барбы өнөр күчүңөр,
Баркын билип жактырар?
Ак куулар:
‒ Көлдө учуп каркылдап,
Күнгө канат жаркылдап,
Ала-Тоодо айланып,
Ага тагдыр байланып,
Ак сүйүүбүз артылмак.
Бала:
‒ Ай, ак куулар, ак куулар,
Айдың-Көлдү карк кылар.
Учар түрүң белендеп,
Кээде коркуп элеңдеп,
Кетет неге шаштыңар?
Ак куулар:
‒ Айрым тентек мергендер,
Арбайган ач чеңгелдер,
Аңдып бизди келет ‒ деп,
Ак куу канын төгөт ‒ деп,
Үрөй учуп ошондон,
Үрпөйүңкү жүдөйбүз.
Аяп бизди адамзат,
Атпаса экен деп тилейбиз.
Бала:
‒ Ай, ак куулар, ак куулар,
Адам сыйын жактырар.
Алыс учуп кетпечи,
Айдың-Көлдү беттечи.
Кышта жылуу ойнотуп,
Жайда көлдү бойлотуп,
Дос болоюн сен менен,
Дос бол дүйнө эли менен!
Жакшы жоиок экен
Дом боло жди менен
Сонун болуптур
Жомок жоик эмес
Бир куплети калып кетиптир
Сонун болуптур
Эң сонун азаматсыңар ишиңерге ийгилик
Норм