Байке дечи, аке дечи, Ал сөзүңдү сагындым, бачым келчи. Бүгүн келчи, азыр келчи, Бүркөк асман дүйнөмдү, эй, ачып берчи. Агай дечи, ага дечи, Жаз күнүндөй жадырап, жайнап келчи. Жалгыз келчи, өзүң келчи, Азоо-улоо санаамды, эй, байлап берчи. Байке дечи, аке дечи, Ак куу болуп мен күткөн көлгө келчи. Учуп келчи, сүзүп келчи, Уйку качкан түнүңдү, эй, мага берчи. Күмүш-алтын торуңдан, Алтын-күмүш торуңдан качып келчи. |
Бек Борбиев — Байке дечи тексти
Датасы: 26.11.2020 Көрүүлөр: 9161