Бийик тоолордон
Байырлаган конушума келдиң энтигип
Келдиң кечигип махабатым
Узак жолдордон
Алым кетип турганымда дүйнөм эзилип
Калдык кезигип махабатым
Балким сени көрбөсөм
Жүрмөк белем оолукпай
Арман асмат дүйнөмдү
Калганымда сага жолукпай
Кайырма
Татынакайым жараткан го
Бир өзүңдү маган атайын
Эркелечи эрГимиңе башым катайын
Жүрөгүңө сенин батайын
Көкөлөп учуп
Булуттарга кошуласың кайда барасың
Айды жабасың махабатым
Жашынбак ойноп
Жоголомун жоготосуң издеп каласың
Кайра табасың махабатым
Кыдырганга ааламды
Убактым жок дарман жок
Чечекейим түтпөгөн
Бир өзүңдөн башка аргам жок
Дүйнөм ачайын
Бакыт гүлүн парниктен сага чачайын
Сүйөрүмдү билсең боло татынакайым
Сүйөм сени татынакайым
Сүйүп аткан таңым көр
Сезимимдин даамын көр
Мен да сенден татайын