«Бүгүнкү ишинди эртенкиге калтырба»
Илгери-илгери өткөн заманда бир талаа чычканы жашаптыр. Ал күнүгө дан кампасын толтуруу менен алек болчу экен. Бул чычкан илгери бир таап алган жыландын терисин күнүгө эрте менен алып, талаадан дан алып келгени чыкчу. Ошентип ал талаага барып, топтогон дандарын жыландын терисине толтуруп алып, сүйрөп үйгө алып келчу экен.
Бул кичинекей эмгекчил чычкандын иштегенди сүйбөгөн, бирок оюн-зоок куруп, бийлегенди жакшы көргөн бир тууганы бар экен. Ал өзүнүн дан кампасы менен иши да жок болчу. Ал компасына бир баш буудай алып келе электе эле, жай өтүп кетчү экен. Анан ал бир күнү эмгекчил тууганына келип:
— Тууганым, кышка эч даярдык көрө алган жокмун. Жай деле өтүп баратат окшойт. Данды салып ташый турган жылан тери да жок. Тиги терини мага берип турбайсынбы? — деп суранат. Эмгекчил чычкан тууганынын бул жоругуна таң калып:
— Эмнеге сенде жыландын териси жок. Жылан терисин алмаштырган кезде кайда жүрдүң эле? — деп сурайт.
Ал болсо:
— Ушул эле жерде болгом, — дейт.
Анда эмгекчил чычкан кайра жини келип:
— Эмне кылып жүрдүн эле?-деп сурайт.
— Мен деген ыр ырдап, сайрандап, бийлеп жүрдүм,- дейт жалкоо чычкан. Эмгекчил чычкан тууганын карап, башын чайкап:
— Эми болсо өз азабынды өзүң тартып жатасын ээ? Жалкоо жана өзүнө көңүл бурбаган болсон, анда ушинтип аягында кыйналып каласын. Макул эми, мен сага жыландын терисин берип турайын. Эми аябай тез иш тебесен кышында ачка каласың. Бош өткөргөн күндөрүндү минтип толтурганга аракет жасагын, — деп сабак берген экен.