ҮЧ ДОС

Илгери-илгери бир көп балалуу абышка-кемпир болгон экен. Бирок алардын балдарынын улам бири жерден боорун көтөрө электе эле чымчык жандары учуп кете берет. Тагдырдын башка салганына көнбөскө чара барбы?

Ошентип, кайгыга чүнчүп, көз жаштан алсырап, алдан-күчтөн эрте тайыган абышка-кемпирдин көкүрөк күчүгү — жалгыз баласы калат. Эми караан тутуп, карманаар жөлөгү ошо каргадай бала. Атын да Жөлөк деп коюшат.

Читать далее ҮЧ ДОС

ҮЧ АРКАР

Алтайда Кудайберген деген бир карыя жашаган. Карылыктан териси катып, сөөгүнө жабышып, сакалдары куу эчкинин жүнүндөй ыраң алган. Тиштери саргарып бүткөн. Анткен менен абышка өзүнө тың эле, ыкчам, жеңил жүрчү. Ал мал бакпаган, жер айдабаган, бир гана көргөн күнү, кылган иши мергенчилик болгон. Кала берсе минерге аты да жок эле, ат тургай атка токуур ээри да жок. Бар оокаты – жаасы жана үч ити.

Бир мертебе иттер жыт искеп отуруп, из кууп аркарларга жакындады. Алар үчөө экен. Иттер да үчөө.

Читать далее ҮЧ АРКАР

ҮЧ МЕРГЕН

Качандыр бир кезде бир улуста үч балык уучу жашаптыр. Жайында алар Анкарадан налим балык уулоочу да, кышында Анкаранын өйдөкү агымындагы карагайларга белги коюшчу экен.

Бир жолу алардын бири экинчисине айтат:

— Жүр, тайгага барып аюуларга аңчылык кылабыз, ошондо бизге киреше көп кирет, аябай байып кайтабыз. Анан тим эле байлыкка тунуп, кудайды да тааныбай кутурабыз!

Читать далее ҮЧ МЕРГЕН

ҮЧ АЮУ

Бир кыз үйүнөн токойго жөнөйт. Токойдо адашып, үйгө кетчү жолду издеп жүрүп бир үйгө туш келет. Эшиги ачык болгондуктан, үйдүн ичин карайт. Караса, эч ким жок.  Акырын үйгө кирет.

Бул үйдө үч аюу жашачу. Саксагай чоң аюу — Михайло Иваныч, андан бою бир аз кичинеси, эне аюу — Настасья Петровна жана алардын уулу Мишутка. Аюулар токойго кетишкен болот. Үй эки бөлмөлүү, бириси ашкана, экинчисинде болсо аюулар укташчу. Кыз ашканага кирип, үстөлдө тамак куюлган үч кесени көрөт. Кеселердин эң чоңу — Михайло Иванычтыкы, экинчи кичирээк кесе — Настасья Петровнаныкы жана эң кичинекей көк кесе — Мишутканыкы болчу.

Читать далее ҮЧ АЮУ

Үч аңкоо

Үч аңкоо киши жашаптыр. Бир жолу алар эгин чабыкка барышат. Түн киргенде үч аңкоо каптарга самандан толтуруп, алардын үстүнө өздөрү жатып, кайра саман менен үстүлөрүнөн жамынып алышат. “Эгер түндө эгинге ууру келсе, биз аны көрөбүз, ал бизди көрбөйт. Биз аны таанып калабыз да, полицайга билдиребиз”,- деп ойлошту.

Читать далее Үч аңкоо

ҮЧ ДОС

Укканыбызга караганда жаңгактын кабыгы, бир тоголок катыган талкан жана чымын дос болуптур. Бир күнү алар саякатка чыгып, бир топ жол жүрүшкөн соң алдыларынан аккан суу чыгат. Аркы өйүзгө өткөндөн башка арга жок эле, андыктан эки досуна караганда жүрөктүүрөк жаңгак кабыгы:

Читать далее ҮЧ ДОС

ҮЧ УУРУ

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири-бири менен таанышышат. Биринчи ууру:

—  Мен жанда жок уурумун,- дейт.

Экинчи ууру:

—  Мен жанда жок баатырмын, — дейт.

Читать далее ҮЧ УУРУ

ҮЧ УУРУ

Бир киши шаарга эчкиси менен эшегин сатканы айдап жөнөптүр. Эчкинин мойнуна коңгуроо тагылган. Малдуу кишини көргөн үч уурунун бири шериктерине:

— Ээсине билдирбей эчкини уурдаймын, — дейт экен.

Анда экинчи ууру:

— А мен мужуктун колунан эшекти уурдап алам, — десе, үчүнчүсү:

— Анын кыйынчылыгы жок. А мен тигинин бүт кийим-көйнөгүн сыйрып алам, — деп мактанат.

Биринчи ууру эчкиге жакындап барат да, анын мойнундагы коңгуроону чечет. Коңгуроону эшектин куйругуна илип, эчкини талаага жетелеп кетет.

Малдуу киши бурум жерде айланчыктап эчкисин таппай, аны издеп кирди. Ошондо ага экинчи ууру жолугуп, андан эмне издеп жатканын сураган болду. Мужук эчкисин уурдатканын сөз кылды.

— Мен  эчкиңди көрдүм: эчки жетелеген киши мына азыр эле токойго кирип кетти. Аны кармап алса болот, — деп ишендирди  ууру.

Малдуу мужук эчкини кууп жеткени чуркап баратып, экинчи уурудан эшегин кармай турууну өтүндү. Ал токойдон кайтып келип, ордунда калган эшеги жок экенин көрдү да, ыйламсырап жолго түштү. Жол кезип жүрүп, көлмө боюнда бир адамдын ыйлап отурганына туш болду. Малдуу мужук андан эмне болгонун сурайт.

Киши буйрук боюнча шаарга капка салынган алтынды жеткирмек болгонун, чөөт жээгинде эс алганы олтуруп, үргүлөп кетип түшүндө алтындуу капты сууга тушүрүп ийгенин айтат. Малдуу мужук капты чыгаруу үчүн эмнеге аракет кылбай жатканына кызыкты. Тиги:

— Мен суудан корком, сүзүүнү да билбейм. Бирок, көлмөдөн капты таап чыккан адамга жыйырма алтын тенге беремин, — дейт.

Малдуу мужук сүйүнүп кетти да, ичинен ойго батты: “Менин эчким менен эшегимди уурдашканы үчүн Кудайым мага ушундай бакыт-байлыкты ыроологон тура!”

Ал чечинди да, сууга кирди. Бирок, көлмөдөн алтыны бар капты тапкан жок. Суудан чыкканда көйнөгү чечкен ордунда жок болуп чыкты. Бул иш үчүнчү уурунун колунан келди: ал көйнөктү уурдап кеткен болчу.

Үч ууру

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири- бири менен таанышышат. Биринчи ууру:

— Мен жанда жок уурумун- дейт.

Экинчи ууру:

— Мен жанда жок баатырмын- дейт.

Үчүнчү ууру:

— Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде – эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам,- дейт. Читать далее Үч ууру

Үч кыз

Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт. Читать далее Үч кыз