«Сүйгөндү билбеген кишинин акыры жалгыз калаары чындык»

Илгери-илгери жапжашыл бир токойдо түрдүү куштар менен айбанаттар жашаптыр. Алар аябай бактылуу жашашчу экен. Бирок бир эле үкү дайыма капалуу күн өткөрүп жүрүптүр. Ал кабагын карыш салып, дарактын башында баарын карап отура берчу экен. Айлана жапжашыл, кызыл-тазыл гүлгө толуп, түрдүү гүлдөрдүн жыттары анкып жаз келсе да, ал капалуу болуп, кабагын такыр ачпаптыр.

Бир күнү шаншып сайраган булбул үкүнүн эмнеге капалуу экенин билгиси келип:

Досум сен эмнеге капалуусун? Сени капаланткан эмне? Карачы, жаз келди, айланага кара. Баары бактылуу, шандуу. А сен болсо качан көрбөйүн капалуусун, кабагын ачылбайт… — дейт.

Жаны кашайып, кыйналып турган уку ачуулуу үнү менен:

— Эмнеге болмок эле, карыдым, чарчадым, жападан жалгызмын, — дейт. -Сенин үй-бүлөн, бала-чакан жокпу, дос-жорон дагы жокпу?-деп сурайт кайра булбул.

Мындай такмаза суроолорго жаны кейип кеткен үкү: — Эми ушулар эле жетпей жатты эле мага. Сен билесинби, үй-бүлө багуунун кандай жоопкерчилиги оор. А менин андай оор жоопкерчиликтерге күчүм жетпейт. Тууган-урук, жоро-жолдошторум менен анда-санда эле көрүшөм. Көпчүлүгүн көп жылдан бери көрө элекмин. Кимиси кандай пайда кылаарын билбейсин. Андыктан көрүшпөй эле койгон жакшыраак,- дейт.

Булбул уккан кулагына ишене албай, үкүгө тан калат да, ойго батат… Кантип айланасындагылар менен мамиле кургусу келбейт?.. Кандайча баарынан алыс болушу керек?..

Мына ушуларды түшүнө албай булбулдун эси оойт. Анан ал үкүнү тигиле карап:

— Үкү досум, эми мындай. Чынында жалгыз калганды сен өзүн каалаган турбайсынбы. Эч кимди жактырбасан, эч ким менен сүйлөшпөсөн, албетте, сени жакшы көргөн эч ким болбойт да. Ошондуктан сенин «жалгызмын» деп даттанганга акын жок,- дептир да, үкүнүн жанынан учуп кетип калыптыр.

Ал эми байкуш үкү отурган жеринде дагы эле ошо бойдон отуруп кала бериптир. Албетте, жоопкерчиликтен качып, башкалар менен болгон баардык мамилени үзсө акыр аягы ушундай болоору анык.

Эл арасында «Башкаларды сүйгөндү билбеген аягында жалгыз калаары чындык» деген сөз бекеринен айтылган эмес чыгаар.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок52
Акылдуу балдар30
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Жоопкерчилик — Yкү”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *