Күндөрдүн биринде Каркыра токой аралап баратып дөңсөө жерде ойлонуп турган Түлкүгө капысынан кезигип калат.
– Эмне мынча ойлуусуң, Түкө?
– Асман кезип учканга кызыгып турам.
– Кел, сага учканды үйрөтөм. Эки канатымдын ортосуна отур,- деп Каркыра Түлкүнү үстүнө отургузуп алып учуп жөнөйт. Бир кезде:
– Эми буттарыңды каккылап, ылдый карай учуп түш,- деп Түлкүнү коё берет. Түлкү жерге кулап түшөт. Артынан Каркыра келип жанына конуп:
– Учкан оңой эле бекен?
– Оңою оңой дечи. Конгонду үйрөнүү керек болуп турат,- деп Түлкү белинин ооруганын айтып онтолоп жиберет.
Эн сонун
Эгер ката тапсаныз билдирип коюнуз!
Жакшы экен балдарга окуп бердим. Рахмат
Айабай сонун! Рахмат силерге, молодцы каталар жок!
Бул сайты популярный кылаластарбы?
Ффуууууфуфуфу что за дичь такаяяз