Сен болсоң тоонун улары,
Мен болсом аккан булагы.
Булактан улар суу ичсе,
Таркайбы жандын кумары?
Жаз айы, жамгыр төккөндө,
Жаз айы, сулуу көктөмдө,
Элжиреп кетти жүрөгүм,
Алгачкы жолу өпкөндө.
Сен болсоң көлдүн кайыгы,
Мен болсом анын балыгы.
Кайыкка балык жанашса,
Болбостур анын айыбы.
Узасаң болду алыска,
Жарасаң болду намыска.
Сүзмөдөй аппак жүзүңдөн,
Өптүрүп койчу карызга,
Сүйдүрүп койчу карызга.
Кенже Көбөкова — Сагыныч тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 7964
Один комментарий к “Кенже Көбөкова — Сагыныч тексти”