«Колдогу байлыктын баркын билүү керек»
Үлүлдөр ташбакалар сыяктуу үйүн сыртында алып жүрүшөт эмеспи. Ушул үлүлдөрдүн арасынан кичинекей бир үлүл сыртына үйүн алып жүргөндөн тажай баштаптыр. Кала берсе үйүнүн түсүн да жактырчу эмес экен. Ал көпөлөк жана ала көчтү аябай жакшы көрчү. Анча-мынча аларды көрүп калса, арыз-арманын айтып:
Аттин, силердей эле үйүмдү көтөрүп алып жүрбөсөм кандай сонун болмок. Же үйүм силердикиндей кооз болуп калса эмне? — дейт.
Муну уккан достору:
— Сага кыйын болгон тура. Өтө кыйын сүрөт тарткан бирөө бар. Анда сени ошого жөнөтөлү. Эч болбосо үйүндүн өнү кооз болсун, — дешет.
Бул сунушка үлүл аябай сүйүнөт.
Мына ушинтип достордун баары сүрөтчүнү издеп жолго чыгышат. Алар сүрөтчүнүн үйүнө барып, эшигин кагышат. Сүрөтчү аларды үйүнө киргизип, алардын келген себебин сурап, маселенин чоо-жайын угат. Анан аларга макул болуп, дароо үлүлгө сүрөт тарта баштайт. Аягында үлүлдүн денеси сонун болуп сүрөткө толот. Үлүл өзүн күзгүдөн карап жактырат, бирок дагы эле үстүндөгү үйүнө ыраазы болбойт.
Ошентип үлүл достору менен сүрөтчүгө рахмат айтып үйүнө кайтышат. Бир маалда алар жолдо келе жатышса нөшөрлөп жамгыр төгүп кирет. Анан эле сел жүрүп, көпөлөк менен ала көч аран качып кутулушат. Үлүл болсо дароо үстүндөгү үйүнө кирип кетет.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин жамгыр токтоп, үлүл акырын үйүнөн чыгып, айланага көз салат. Ал даракта отурган досторун көрөт да, аларга боору ооруп кетет. Анан өзүнүн уйу бар экенине ыраазы болуп:
— Ырас эле, менин баш калкалаарга үйүм бар. Түрдүү боектору болбосо да мени кырсыктардан сактайт тура,- деп өзүнчө кубанган экен.
Мына ушинтип үлүл үйүн сыртында алып жүргөндөн такыр тажабай калган экен.