«Үй-бүлөө баласына жакшы тарбиядан башка эч нерсе мураска таштабайт»

Бир эчки өз уй-бүлөсү менен жангак дарагынын астында жашаптыр. Анын уч улагы бар экен. Ал улактар акылдуу, тартиптүү жана апасынын айтканын аткарышчу. Балдары жангакты аябай жакшы көргөндүктөн эчки балдарынын улуусун «чон жангак» жана кичинесин «кичине жангак» деп ат коюп коюптур.

Эчки улактарына дайыма улууга урмат көрсөтүүсүн, тартиптүү болууларын көп айтчу экен. Улактары дагы тартиптуу жана ынтымактуу экен. Алар үйгө конок келгенде эч тентек кылышчу эмес. Мына ошондуктан эчки да жай отуруп коноктор менен кенири баарлашчу.

Эчкинин улактары түнү дагы бири-бирине «бейпил түн»> кааламайынча укташчу эмес. Алар апасына да жакшы эс алышын каалашчу. Ал эми тамак жеп бүткөндө да «колуна береке апаке» деп тилек айтып, бата кылып анан турушчу. Бир жерге барышса да сөзсүз эшигин тыкылдатып, анан уй ээси уруксат бермейинче киришчү эмес.

Алардын үйүнө жакын жердеги токойдо бир карагай дарагы бар эле. Анда бир тыйын чычкан үй-бүлөсү менен жашачу. Тыйын чычкандын балдары карагайдын тобурчагын аябай жакшы көрүшчү. Бул тыйын чычкан дагы балдары карагай дарагын жакшы көргөндүктөн балдарынын улуусуна чон карагай», кичинесине «кичине карагай» деп ат коюп алган болчу.

Ал эми эчкинин балдарына салыштырмалуу тыйын чычкандын балдары аябай тентек эле. Улактар өздөрүндөй тентектик кылып ойнобогондугу үчүн аларды жаман көрүшчү. Чындыгында токойдо жашагандардын баарысы эле тартиптуу улактарды көрө алышчу эмес.

Бир куну «чоң карагай» менен «кичине карагай», тактап айтканда тыйын чычкандын балдары улактарды алдап токойдун тээ ичине ээрчитип барышат. Аларды адаштырып коюшуп, анан өздөрү даракка чыгып, бутактан-бутакка секиришип үйлөрүнө кайтып келе беришет.

Улактар болса токойдун жолдорун жакшы билишчү эмес болчу. Бир маалда кеч кирип, күүгүм да түшө баштайт. Улактар аябай коркушуп, эки жакты элендей карашып ыйламсырай башташат жана кайсы жолго түшүп алып кетүүнү билишпей кыйналышат. Ары чуркашат, бери чуркашат, бирок жол таба алышпай акыры токойдо калып таң атырууну чечишет. Кайсыл жерде уктасак деп жер издей башташат.

Бир убакта алды жакта турган дарактын кабыгын көрүшөт да, анын арасына киришет. Алар кабыктын жанына жакында ганда кандайдыр бир үндөрдү угуп калышат.

Алар кубанып кетишет да: «Мына эми шерик болчу бирөөнү таптык окшойт, эми коркпойбуз деп сүйүнүшөт.

Ошентип алар кабыкка баш багаарда башка үйгө кирээрде эшикти такылдатып, анан кириш керек экендиги «Чон жангактын» эсине келет. Ал инисине:

— Эшикти какпай туруп ичке киргенге болбойт. Алгач эшикти тыкылдаталы,- деп эскертет.

Агасынын айтканын уккан «Кичине жангак» кабыктын каалгасын акырын тыкылдатат. Кабыктын ичинен жүрөк түшүргөн бир үн чыгып:

— Ким бул? Эмне болду?- деп жооп берет.

Улактар адегенде коркуп кетишет. Анткени бул үн карышкырдын үнү эле. Эми улактар ал жерден дароо качып кетүүлөрү керек болчу. Улактар эми карышкыр эшикке чыкканга чейин көрүнбөй качып кетүүнүн айласын кылышып, ал жерден качып кетишет. Мына ушинтип алар аябай катуу чуркап отурушуп өздөрүнүн үйүне жакындап калганын да байкабай калышат. Анан алар аябай сүйүнүп кетишет. Улактар дароо үйунө кирип келишет да, токойдогу болгон окуялардын баарын апасына айтып беришет.

Ансыз деле апасы улактарынын кайда кеткенин билбей аябай тынчсызданып жаткан болчу. Эчки улактарынын аман-эсен көргөнүнө сүйүнүп, аларды бекем кучагына кысат. Анан балдарына:

— Балдарым менин! Силер эшикти тыкылдатпай киргенинерде анда өтө жаман болмок. Эрежеге көнүл буруп, адептүү болгонунардан бул коркунучтан аман калдынар. Азаматсынар улактарым!- деп аларды алкайт.

Ошентип эчки улактарынын тартиптүүлүгүн баалап, алар эңсеген жангактан таттуу торт жасап берет. Улактар таттууну бир жыргап жешип, курсактарын кампайтышат.

Албетте, эгер балдар адептүү болушса, анда ар дайым жакшылыкка, ийгиликке жетишет. Анан да элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болушат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы58
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак36
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок27
Акылдуу кыз22
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20

Тартиптүү болуу — Тартиптүү улактар: 8 комментарий

  1. Коркунучтан аман калдынар деп жазылып турат калдыңар деп ар бир тамгага көңүл бурңуздар бирок соонун жомок балдарыма жакты.

  2. Абдан соонун досок экен балдарыма жакты унчукпай угуп уктап да калвшты кызыктуу коп нерсени уйроткон досок экен

  3. Абдан соонун досок экен балдарыма жакты унчукпай угуп уктап да калвшты кызыктуу коп нерсени уйроткон досок экен

  4. Окуп жатсам,балдарым бул жомоктон оздорун таап,бизге окшошго деп,бейпил тун дешип уетап калышты.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *