«Кайраттуу адам коркунучтан акылы менен чыгат»
Бар экен жок экен, илгери бир кембагал отунчу жашаган экен. Бул отунчунун уч уулу болуптур. Алар токойдон отун кыркып алышып, анан ал отундарды шаарга алып барып сатып оокат кылышчу. Токойдун ээсине болсо кыйган дарактарынын ар бирине акча төлөшчү.
Кембагал отунчу акыры картайып ишке жарабай калат. Анан ал балдарын жанына топтоп:
— Балдарым, мен эми карып калдым. Токойго барып отун кыркканга күчүм жетпейт. Эми мындан кийин бул ишти силер жасагыла. Биринер токойго барып отун алып келгиле, биринер кыркып даярдагыла, биринер болсо шаарга алып барып саткыла, — дейт.
Алгач отун алып келгени балдарынын чону токойго барат. Ал отун кыюу үчүн балтасын даракка чапканда бир коркунучтуу жин пайда болот. Жин ага өзүн ушул токойдун ээси экендигин жана дарактарды кыйбашы керек экендигин айтат.
Жинди көрүп жүрөгү түшкөн отунчунун баласы зуу коюп токойдон үйүн көздөй качып жөнөйт. Үйүнө коркуп келген баласын көргөн атасы:
— Эй коркок! Мен сени ушундай бол деп тарбияладымбы? Ал жинге коркпой тургандыгынды айтып, тыныраак жооп бербейсинби, — деп аябай ачууланат.
Эртеси күнү отун алып келүүгө ортончу баласы барат. Ал дагы агасы сыяктуу эле балтасын отунга чапканда жин пайда болот. Ал дагы жинди көргөндө эле зуу коюп, үйдү көздөй жөнөйт.
Акыры кезек үйдүн кенжесине келет. Ал дагы токойго барып балтаны отунга чабаары менен жанагы коркунучтуу токойдун ээси чыга келет. Жин жанагыдай эле кыйкырып кирет да, баланы өлтүрөм деп коркутат. Бала болсо тайманбастан жинге карап:
— Сен кимсиң? Мени өлтүрө албайсын. Менин жанымдан
жоголгун болбосо сени эки бүктөп туруп, арыкка тыгып саламын! — дейт да, ишин уланта берет.
Муну көргөн жиндин жүрөгү түшүп: «Бул бала менен кайым айтышууга болбойт тура. Болбосо акыры жакшылык менен бутчүдөй эмес. Андан көрө буга жардам берейин» — деп ойлонот. Анан балага болгон күчүн жумшап, жардам бере баштайт. Ошентип жин бала экөө аябай көп отун топтоп бүткөн соң, аны үйүнө чай ичүүгө чакырат.
Алар жиндин үйүнө келишет. Жиндин үйү тим эле чон эле. Экөө тамакка отурушат. Тамак жеп отуруп, балага бир ой келет. Ал оюнда бир жарыш уюштуруп, биротоло жинди женип алмакчы болот. Анан бала жинге байкатпай өзүнүн көйнөгүнүн астына бир баштыкты байлап коёт да, жинге:
— Тамак жеп жарышпайлыбы? Ким көп тамак жээр экен? — дейт.
Жин дагы жарышка макул болот. Ушинтип экөө шашыла тамак жей башташат. Бала бир кашык оозуна салса, байкатпай беш кашык баштыкка сала берет. Аягында жин тоюп жей албай калат. Бала болсо жей берет.
Анан бала жинге:
— Эй жин! Сен жарышта женип алышың үчүн курсагынды жарып, ичинди бошотушун керек. Анан ичинди тигип коебуз да, жегенди уланта бересиң, -дейт.
Муну укканда коркконунан жиндин тебе чачы тик турат. Ал балага карап:
— Жок балам, мен женилдим. Мына бул сандыкта толтура алтын бар. Ушунун баары сеники болсун. Мени коё бергин. Мага такыр жолобогун,- дейт.
Отунчунун баласы жиндин айтканын угат да, анын бергенин кабыл алат. Ордунан туруп барып жиндин алтындарын караса небере-чөбөрөлөрунө чейин жеткидей алтын бар экен. Бала алтындардын баарын баштыгына салат да, отунун жүктөп алып үйүнө жөнөйт.
Мына ушинтип отунчунун кичине уулу тапканын бир туугандары менен бөлүшүп, баары жакшы турмушта жашай башташат. Карыган атасын ардактап, бапестеп багышат. Мына ушинтип алар өмүр бою кыйынчылык тартпай жыргал жашоодо жашап калышкан экен.