«Текебердин келечеги тайкы»
Узак жолдо бир түлкү түнү жалгыз коркуп араң келаткан экен. Бир жактан курсагы да кулдурап ачка эле. Ал: «Кантип курсагымды тойгузсам деп ойлонуп бараткан болчу. Ангыча артынан келе жаткан бир дабышты угуп калат. Коркконунан жол жээгиндеги калын чепке бекинет.
Көрсө ал келе жаткан текебер карышкыр экен. Карышкыр чөптөрдүн арасында жылтыраган эки көздү көрүп алгач коркуп кетет. Анан анын түлкү экенин керет. Тулкуну мазактап:
— Бул жерде эмне кылып отурасын? Түн болбодубу, — дейт.
— Жо-жок, эч нерсе болгон жок карышкыр дос. Мен бул жерде аң бар деп ойлогом. Бирок жок экен. Көрсө мен адашып калыптырмын, — дейт.
— Сен дайым адашып басып жүрөсүн. Бир ишти ордунда жасаганынды көргөн жокмун. Мен жакын жерде малкана бар экенин билем. Ичинде толтура жаны туулган козулар бар. Кааласан мени ээрчи. Мен кыйын ан уулаймын. Бул кыйындыгым сага да жардамы тийип калаар. Бир нерсе жеп курсагынды тойгузаарсын, — дейт карышкыр.
Карышкырдын бул сөздөрүне жини келген түлкү ичинен «Текебер десе!» деп аны жаман көрүптүр. Бирок түлкү жининин келгенин карышкырга байкатпай:
— Ой дос, анда кандай жакшы болмок. Мен сиз менен бир басууга ылайык жан эмесмин бирок, каалап калыптырсыз барса барайын. Рахмат, сиздин артыныздан ээрчий басайын ээ,- деп карышкырдын артына өтүп басууга даярданат.
Бирок карышкыр унчукпай койгондуктан түлкү аны менен тең баса баштайт. Ошентип экөө чогуу жолго түшүшөт. Карышкыр өзүн жол башчы сезип, токойдогу малчынын үйүнө карай жөнөшөт. Малчынын үйүнө барчу жол барган сайын тарып отуруп, акыры бир эле жаныбар баткыдай болуп калат. Жандаш баскан түлкүгө карышкырдын жини келет. Муну кыраакы түлкү дароо байкайт да:
— Ой кечиресиз карышкыр, мен сиздин артыныздан басышым керек эле,- дейт куйругун шыйпандатып. Албетте, түлкүгө карышкырдын аябай жини кайнайт. Бирок муну байкатпаганга аракет жасайт.
Ушинтип жолду улантып кете беришет. Бир маалда кокусунан эле карышкыр жерге кулап түшөт да, улуп баштайт. Бутун абайлап караса капканга түшүп калган экен. Жаны сыздаган карышкыр чыдабай улуп да, ыйлап да жиберет. Анан тулкүгө:
— Түлкү досум, куткар мени. Суранам куткар. Бутум капканга илинип калды. Мени дароо бошот,- деп жалынып жалбарып кирет.
Анда түлкү моокуму канып:
— Жок куткарбаймын. Азыр эле кыйын эмес белен? Өзүн чык эми. Жанатан бери жинге тийип, текеберленип мени кемсинтип жаттын эле. Жакшы кал! Мен кеттим,- деп кетип калат.
Карышкыр байкуш мына ушул окуядан кийин текебердигин таштап өзгөргөн чыгаар… Албетте, эгер мергенчинин колуна түшпөгөн болсо…