«Колунда барга шүгүр кылбаган, эч качан бактылуу боло албайт»
Илгери-илгери эч нерсеге ыраазы болбогон, бир капалуу бала жашаптыр. Ата-энеси анын бактылуу болуусу үчүн ар түрдүү оюнчуктарды, буюмдарды жана кийимдерди алып беришчү экен. Бирок бала эч аларга ыраазычылык билдирип рахмат айтпаптыр. Апасы уулун аябай жакшы көргөндүктөн ага жаккан жагымдуу таттууларынат, тамактарынан жасап берчү. Бирок уулу буларга да ыраазы болбойт. Ошентип мындай нерселерден да эч майнап чыкпайт. Бул капалуу баланы эч нерсе бактылуу кыла албайт.
Бир күнү капалуу бала жолдо окууга баратып, ыйлап турган бир баланы көрөт. Ал анын жанына барып, эмнеге ыйлаганын сурайт. Ал ыйлаган бала аябай жүдөнкү эле. Ал капалуу балага ыйлап жатып: — Курсагым аябай ач. Эч кимим жок. Ата-энем да жок, деп жооп берет.
Анда тиги дайыма капалуу жүргөн бала:
-Жүр, биздин үйгө, — деп үйүнө ээрчитип барат. Баланын абалын көргөн ата-эне бул жүдөнкү балага аябай жумшак, жакшы мамиле жасашат. Өздөрүнүн капалуу жүргөн баласынын кийимдеринен кийгизишип, оюнчуктарынан беришет. Апасы таттуу тамактарды бышырып берет. Капалуу бала болсо ага өз оюнчуктары менен ойногонго уруксат берет. Байкуш бала мындай мамилеге ыраазы болуп, дайым капалуу болгон балага:
— Сен кандай гана бактылуусун! Оюнчуктарын, үйүн, ата-энен бар. Каалаганынды жейсин, каалаганынды кийинесин, мектепке барасын. Ата-энен сага окуганга китептерди сатып берет. Менин болсо эч нерсем жок. Мектепке да бара албаймын. Менин ата-энем, жада калса жашаган үйүм да жок,- деп кейийт.
Муну уккан капалуу бала ал сөздөрдөн кийин өзүндө кандай сонун нерселер бар экенин билет да, кылган кылык-жоруктары үчүн аябай уялып калган экен.
Капалуу бала ойлонуп отуруп: «Эми мындан кийин такыр капаланбаймын», — деп өзүнө сөз бериптир.