«Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың»

Бир күнү Алинин апасы кечки келе турган коноктор үчүн даярдык көрө баштайт. Тамактарды жасоо үчүн Алиге тыштагы бакчадан отун топтоп келүүсү үчүн жумшайт.

Али жолдо баратып күндүн ысыгынан улам: «Бир аз сууга түшүп сергип алсам жакшы болот эле» деген ой келип кетет да, дароо агып жаткан сууга тушөт. Суу Али ойлогондой эле аябай сонун, мупмуздак болот. Али бир ары тарапка, бир бул тарапка чабак уруп, сууда сүзүп жыргайт. Ушинтип жыргап жатып, убакыттын кантип өтүп кеткенин билбей калат.

Али келбегендиги үчүн, отун жагалбай, кыжаалат болгон апасы аны издеп женөйт. Бакчанын баарын издейт, бирок издеген менен Алини эч жерден таппай коёт. Анан суу боюна келсе, Али тим эле жыргап сууда ойноп жүргөнүн көрөт.

Апасы: «Мына сага, азыр сенин кийимдериңди алып кетейин, кантип гана үйгө бараар экенсиң» деп жинденет да, баласынын кийимдерин топтоп, отун менен кошо алып кетип калат.

Али эмне кылаарын билбей сууда жылаңач бойдон калып калат. Кеч кирип, бир аздан кийин суук боло баштайт. Али үшүгөнүнөн эмне кылаарын билбей айласы кетет. Чыгайын десе, кийими жок көчөдө эл толтура, чыкпайын десе суу муздап калган. Кала берсе курсагы да ачып, бүт денесин калтырак баса баштайт.

Аңгыча күүгүм да кирет. Караңгыда эч кимге көрүнбөй, бадалдарды аралап отуруп, акырындап үйүнө жетет. Үйгө жетээрде жолунан коңшу кемпир чыгып калат. Аны көргөн Али бир аз убакытка жалбырактардын арасына жашынып туруп калат. Ушинтип кыйналып отуруп араң үйүнө жетет.

Мына ушул окуядан кийин, Али апасынын айтканын так аткарып калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *