Жолборстун мыймыйы менен улак тоо боорунда жолугуп калып, кечке чейин ынтымактуу ойношуптур. Ошентип кеч киргенде алар үй-үйлөрүнө тарайт.
– Бүгүн мен эчкинин баласы улак менен аябай жакшы ойнодум. Экөөбүзгө тең абдан сонун болду,- деди мыймый энесине.
– Сен кандай гана аңкоосуң. Мунуң менен жолборстун тукуму деген атка татыксыздыгыңды көргөздүң. Сен аны менен ойнобой, тетирисинче, кармап келгениңде баарыбыз жаш улактын жумшак этине тоймок экенбиз. Эртең эртең менен ага барып: “Жүрү, токойго кирип ойнойбуз”- деп алдап бизге ээрчитип кел же ошол эле жерден баса калып, этин үйгө алып кел. Чыныгы жолборстор ушундай кылышат!
– Макул, эртең айтканыңыздай кылам,- деди жолборстун мыймыйы.
Улак дагы энесине келип мыймый менен кечке жыргап ойногонун айтты эле, муну укканда энесинин жүрөгү оозуна кептелди.
– Кудайым-ай! Кудайым! Сен кандай аңкоосуң! Сен ким менен ойногонуңду билесиңби? Минтип жүрсөң жаштайыңдан жайрайсың. Сен жолборстор биздин душманыбыз экенин, алар биринчи эле мүмкүнчүлүктө бизди басып жеп коюшарын эсиңден чыгарба. Эгер эртең алиги мыймый келип оюнга чакырса, чыкпа. Ал сени алдап токойго ээрчитип барып, ата-энесине салып берет же жолуккан жериңден баса калып, өлүгүңдү үйүнө алып барат. Баардык жолборстор ушундай кылышат!
– Макул апа, бул айткандарыңызды эсимден чыгарбайм,- деди улак.
Эртеси күнү кечээ улак чыгып кеткен ташка келип мыймый үн салып чакыра баштады.
– Улак, улак бери чык! Сени менен кечээкидей ойногону келдим.
Муну уккан улак таш башынан көрүнгөнү менен ылдый түшпөй мындай деди:
– Жок, мен сени менен экинчи ойнобойм!
– Эмне үчүн? Кечээ кечке сен экөөбүз абдан жакшы ойнодук эле го!
– Сага үйүңдө кандай кеңеш беришсе, мага да үйүмдө ошол кеңешти беришти. Ошондуктан мен сени менен экинчи ойнобойм.
Муну уккан мыймый өз уурусун карматкандай уялып, үйүн карай жөнөдү.
– Уулум, сен неге улакты алып келген жоксуң?- деп андан энеси сурады.
– Ага да энеси сиз мага бергендей кеңеш бериптир. Ошондуктан ал менин ким экенимди билип калыптыр.