Бир аялдын күйөөсү аябай кызыл камчы экен. Көзүнөн көк кетпеген ал жубайынын кордугуна чыдай албаганда айла издеп бакшылыгы менен табыпчылыгы өткүр кемпирге арызданып барып:
— Апа, минтип жүрсө бир күнү мени өлтүрүп коёт, бир айла кылыңыз, — деп жалдырап турат.
Кемпир канча кыйын болсо да эркектин кызыл камчылыгын токтото алмак эмес. Андыктан алгач аялга ачыгын айтып кетирип жибермек болот, бирок анын өзүнө абдан үмүттөнүп келгенин байкап анте албайт. “Буга кантип жардам берем эми?” — деп ойлонгонунча болбой аял тили менен буудай кууручудай быдылдайт:
— Үйү жыйналуу, балдары багылуу, кийими жуулуу, тамагы жасалуу, аялдык баардык милдеттеримди аткарып атсам деле сөгөт-сагат, урат-чабат… – деп дагы бир топ сөздөрдү айтып жиберет. Мындан улам кемпир аялдын тили заардуу экенин байкап, күйөөсүнүн жер-жеберине жетип ийгенде сабап жатып каларын түшүнүп, мындай дейт:
— Болуптур, мен сага суу дубалап берейин, күйөөң жинденип, адатынча урмай болгондо аны катып койгон жериңден акырын ал да, оозуңа толтура ууртап отуруп кал. Күйөөң сөгүнүп-сагынып жинденгени менен кол көтөрбөйт, бир аздан кийин ал өзү да унчукпай отуруп калат. Ошенте гой, — деп айтканындай эле чара толо сууну алдына коюп, бир топко чейин күбүрөп дуба окумуш этип, анан бир чоң көнөчөккө куюп, аялдын колуна карматат.
Сүйүнгөн бойдон жолуна түшкөн аял бакшы кемпир айткандай кылып, күйөөсүнүн ачуусу кармап келатканда эле дубаланган сууну акырын ууртай калып, тултуйган бойдон унчукпай отуруп калчу болот. Каяшаны катыра берип, керек болсо каргап-шилеп жиберчү аялынан ашыкча сөз чыкпаганда эркек да өзүн кармап, уруш ырбабай калчу болот, анын артынан эрди-катындын ортосунда ынтымак жарала баштайт.
Муну аял дубаланган суудан көрсө, эркек аялына эс кирип, акылына келе баштаганына жоруйт. Ошентип акылман кемпирдин артынан бир үй-бүлөдө ынтымак жаралган экен.