«Досун акылсыздар гана мазактайт»

Бир куну бир бөжөк апасына ыйлап келет да, даттанып:

— Апаке, мамалак болсо мени бүтүк көз деп мазактап жатат, — дейт.

Бирок апасы бул уруштун кантип баштаганын билгиси келет да:

— Дагы эмне деди?-деп сурайт.

— Калкан кулак, алан көз деди,- дейт баласы.

— Андан мурда сен ага эмне дедин? — деп сурайт апасы кайра.

— Менби? Мен… Эч нерсе деген жокмун,- деп кымындайт бөжөк.

— Сен эч нерсе дебесен эле биринчи өзүнөн-өзү мазактап баштады да ээ? — дейт апасы жылмайып.

— Эме, ии, жолдон ага жолугуп калдым да, анан чанач» деп мазактадым, — дейт бөжөк.

— Мына көрдүнбу балам? Сени мамалак жөн жерден эле мазактай бербейт да. Биринчи өзүн баштап алып, анан мага даттанасың. Бул туура эмес!-дейт апасы.

Бөжөк кылган жоругуна аябай уялып, мындан кийин биринчи мазактабаганга апасына сөз бериптир.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы54
Акылдуу кыз жомок44
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар15
Кырк калп жомок15
Акылдуу кыз13

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *