«Сез уксаң акыл табасын, көп сүйлөсөн балээге каласын»

Бир чытырман токойдо аябай көп сүйлөгөн тоту куш жашаптыр. Ал сүйлөгөндү аябай жакшы көргөндүктөн, бир сүйлөп баштаса такыр токтобой сүйлөй берчү экен. Жанындагы куштар сүйлөй баштаганда эле алардын оозунан сөздөрдү жулуп алып, кайра өзү сүйлөй берген адаты бар экен.

Бир куну тоту куш токойдо сейилдеп жүрүп бир булбулга туш келиптир. Ал булбул жапжашыл дарактын бутагында тим эле укмуштуудай сайрап жаткан эле. Токойдогу баардык куштар топ толуп, аны угуп жатышыптыр. Тоту куш дагы алардын арасына кошулуп, булбулду тан кала уга баштайт. Анан булбул сайрап бүткөн соң, анын жанына учуп барып:

— Салам булбул, кандайсын? — деп ал-акыбалын сурайт.

Булбул тоту кушка карап:

— Рахмат, мен жакшымын, — деп толук айта электе эле тоту куш сөзүн оозунан жулуп ала коюп:

— Ай, сен кандай гана сонун сайрайсын. Сайраганды мага да үйрөтөсүнбү?- деп суранат.

Булбул:

— Ооба үйрөт…- дей электе тоту куш кайра сөзгө аралашып:

-Суранам, суранам, — дейт.

Булбул тоту куштун бул кылыгына ачууланып:

— Бирок сен такыр үйрөнө албайсын,- деп бат-бат жооп
берет.

Тоту куш айтылган сөздөргө такыр түшүнө албай:

— Эээ…мнегее? Эмнеге мен үйрөнө албайм, — дейт.

Булбул күлүмсурөп:

— Муну үйрөнүү үчүн алгач сен бирөөнү укканды үйрөнүшүн керек. Сен көп сүйлөйсүн, анан дагы кулак салып, укканды болсо такыр билбейсин — деп жооп берет.

Тоту куш ошол күнгө чейин өзүнүн көп сүйлөгөнүн байкачу эмес экен. Ал булбулдун айткандарын уккандан кийин аз сүйлөп, жанындагы сүйлөгөндөрдүн айткандарын кулак түрө уга баштаган экен. Анан кыска убакыттан кийин булбулдан ыр ырдаганды жана сайраганды үйрөнүптүр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Көмөч нан (колобок) жомок30
Сараңдык - Кармаганы алтынга айланган Падыша25
Алия менен жылкы19
АПЕНДИ ЖАНА ЭШЕК18
Алтын балык13
Атанын осуяты жомок13
Кедей бактысы12
Акылдуу балдар11
Акылдуу кыз жомок11
Карышкыр жана жети улак11

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *