«Сүйүү болгон жерде бактылуулук болот»

Илгери-илгери бир заманда чытырман токойдо сайрабаган бир булбул жашаптыр. Ал күнүгө бир үзүн дарактын башына конуп алып, өзүнчө отура берчү экен.

Бир күнү ал токойго сары чымчык учуп келет да, даракка конуп калат. Ал алыс жакка жолго чыккан эле. Сары чымчык бул токойдон өтүп баратып токойдо жашаган баардык куштар менен таанышкысы келет. Жолунан кезиккен канаттуулар менен таанышкан сары чымчык аларга башынан өткөн кызыктуу окуяларды айтып берет. Баары анын айткандарын угуп, аябай кызыгышат.

Сары чымчык ошол учурда башын өйдө көтөрүп бир даракта унчукпай отурган булбулду көрөт. Анын эмнеге унчукпай отурганын жанындагы куштардан сурайт. Куштар булбулду карашып:

— Ал кызыктуу бир куш. Анын сайраганын көргөн да, уккан да жан жок, — дешет. Булбулдун бул жоругуна таң калган сары чымчык себебин билгиси келип, булбулдун өзүнө барып:

— Булбул кандайсың? Эмнеге башкаларга кошулбайсың? Сен эң кооз сайраган чымчык эмессинби?- деген суроолорду жаадырат.

Муну уккан булбул болсо:

— Мен такыр сайрай албаган кушмун. Баардык куштар жүрөгүм болбогон үчүн мени сайрай албайт дешет,- деп башын жерге салат.

Сары чымчык:

— Ой, катыгун десе! Дүйнөдө баардык куштардын жүрөгү бар да. Албетте, алардай эле сенин да жүрөгүң бар. Ойлоп көрчү, жүрөгүң болбосо сен кантип жашамак элен. Сен жалгыз калганын үчүн кабагың бүркөө, капалуу болсон керек, — дейт.

Мына ушинтип сары чымчык кечке чейин булбулдун жанында болуп, аны менен сүйлөшүп отурат.

Эгер булбул макул болсо анын жанына конуп кетээрин айтат. Булбул болсо кубанып макул болот. Ошол түнү сары чымчык аныкында конуп калат. Таң атканча экөө сонун маектешип чыгышат. Эртеси булбул өзүн башкача бир керемет сезип калат. Анткени ал куштардан биринчи жолу ушундай жылуу мамиле көргөн болчу. Тилекке каршы эртең менен сары чымчык башка токойго учуп кетүүсү керек эле. Буга булбул аябай капаланат, бирок анын сары чымчык менен коштошуудан башка айласы жок болчу. Чындыгында сары чымчыктын дагы өзүнө жараша жашоосу бар эмеспи.

Бул күнү эрте менен булбулдун көңүлү ачык, шандуу сайрай баштайт. Эми ал өзүнүн жүрөгү бар экенин сезет. Ал дагы башка куштардай эле бактан-бакка конуп сайрап, өз үнү менен башкалардын көңүлүн бурат. Токойдогу жанжаныбарларга, канаттууларга жакшы маанай тартуулайт. Анткени ал сүйүү эмне экенин чын жүрөгүнөн сезген болчу.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Бактылуулук — Сайрабаган булбул”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *