Илгери, илгери бир абышка  менен кемпир жашаптыр. Бу карылар кезегинде үч уул көрүп, алардын бирөөсүнүн акылы аз, экөө акылы менен экен.  Акылдууларын алар эркелетип, жума сайын таза кийимдерди кийгизип, курсактарын жакшы тойгузушат. Ал эми акылсызды дайыма урушуп, шылдыңдап, жеришет. “Акылсыз” деп тергешип, ал ошол бойдон “Акылсыз” атка конуп кетет.

Анын үстүндөгү кийими кир, шымы жок болгондуктан мештин үстүнөн түшпөй, тамак беришсе жеп, бербесе ачка отурчу экен.

Бир күнү хандын жарлыгы чыгат: “Кимде ким мен уюштурган түшкү тамакка учуучу кеме менен  келсе, ага кызымды берем”.

Ошондо абышка-кемпирдин акылдуу балдары кеңешет:

— Барып көрөлү, экөөбүздүн бактыбыз ошондо болуп жүрбөсүн, дешет да алар ата-энесинен минтип суранышат:

— Барып көрөлү, андан эч нерсе жоготпойбуз, балким бактыбызды таап калаарбыз!

Бирок атасы да, апасы да жибергилери келишпейт.

—  Жок, барабыз, болду! Жолго батаңарды бергиле.

Карылар эмне кылышсын, ыйлап-сыктап баталарын беришти. Кемпир аларга  азык даярдап, эт-ашын салып, кол чаначка айран куюп берди. Ошентип алар сапарга чыгышат.

Ал эми Акылсыз болсо мештин үстүнө отуруп алып, ата-энесинен суранды:

—  Ата, апа, мен да байкелеримдин аркасынан барайынчы!

— Сен келесоо кайда барасың?-  дейт апасы,-   сен ал жактан карышкырга жем болосуң!

—  Жок, жем болбойм, барам!- деди Акылсыз.

Карылыр башында аны мыскылдап күлүштү, кийин урушуп да көрүштү. Келесоого айткандан пайда жок экенине көздөрү жеткенден кийин мындай дешти:

—  Макул, бар, кайра артка кайтып келбегин, силердин балаңармын деп да айтпагын!

Ага энеси куржун даярдап, куржунга катыган кара нан жана көнөчөккө бир аз суу куюп берип узатты. Ал ошентип жөнөп кетет.

Кете берди, кете берди, аңгыча  анын астынан аксакалы белине жеткен  абышка чыкты.

— Саламатсызбы, чоң ата?!

— Саламатчылык, балам!

— Чоң ата, кайда баратасыз?

—  Мен дүйнөнү кыдырып, адамдарга жардам берип жүрөм. А сен кайда? — дейт.

—  Хандын түшкү тамагына.

— А сен эмне, уча турган кеме кура аласыңбы?-  деп абышка таңгалды.

— Жок, жасай албайм,- деди

—  Анда эмнеге баратасың?

— Кудай билет, эмнеге баратканымды, балким ал жактан өз бактымды табармын.

—  Кел, отур, бир аз эс алып, шам-шум этип алалы,- деди абышка. —  Алып чык куржунуңдагыларды.

— Эх, чоң ата, менде эч нерсе жок. Болгону катыган кара нан, ага сиздин тишиңиз да өтпөйт.

— Эч нерсе эмес, алып чык!

Акылсыз баягы нанды алып чыкса, катуу кара нандын ордуна жумшак, жаңы токочтор пайда болуп калыптыр, ал мындайды төрөлгөнү жеген эмес. Тимеле алар байлардыкындай экен.

— Эми,- деди абышка,-  кантип кургак жейбиз? Куржунуңда айраның  жок беле?

—  Ал менде кайдан болсун! Көнөчөгүмдө суу гана бар!

— Алып чык,- деди абышка болбой эле.

Алып чыкса, көнөчөктөгү суу айран болуп калыптыр.

Чөптүн үстүнө баланын куржунун жайып, ага азыктарды коюп, курсактарын тойгузушту. Абышка Акылсызга нан жана айран үчүн ыраазычылык билдирип, мындай дейт:

—  Анда эмесе балам кулак сал, токойго барып эң биринчи жолуккан даракка үч жолу бата кылып, балта менен бир уруп, көмкөрөңдөн түшүп,  кулагыңды жаап, бирөөлөр тургузмайынча жата бер. Анан өйдө турсаң эле учуучу кеме курулуп калган болот. Ага отургун да — ханды карай уч. Жөн учпай жолдо жолуккандардын баарын салып жүрүп отур.

Акылсыз абышкага ыраазылыгын билгизип, токойду карай жөнөдү.

Ал токойго кирери менен биринчи даракка барып үч жолу бата кылып, балта менен бир коюп, бүк түшүп жаткан бойдон уктап калды. Канча уктаганын билбейт. Бир кезде бирөө өзүн ойготуп жатканын туйду.

— Тургун. Бакытыңды карай бар,  учуучу кемең даяр болду!

Акылсыз ойгонсо, чын эле алтындан курулуп, күмүштөн кыналган, жибек парустуу учуучу кеме шамал тийсе эле учканы турган экен!

Ошентип көп ойлонбостон ал кемеге отурары менен асманга көтөрүлүп учуп жөнөйт. Кеме булуттардын алды, жердин үстү менен сызып баратат дейт.

Учуп, учуп баратып, Акылсыз караса — бир киши кулагын жерге такап алып тыңшап атыптыр. Жөн өтпөй учурашты:

— Салам, агатай!

— Кандай балакай?

Сиз эмне кылып атасыз?

— Коноктор хандын түшкү тамагына чогулуштубу деп тыңшап атам,- дейт ал.

— А сиз дагы ал жакка баратасызбы?

— Баратам.

— Анда кемеге отуруңуз, мен сизди жеткирип койом.

Тигил отуруп, кайрадан учуп жөнөштү.

Учушту, учушту… Караса эле бир буту кулагына байланган кишинин жолдо чуркап баратканын көрүштү.

— Салам, агатай!

— Кандай балакай?

— Эмнеге сиз бир бутуңуз менен чуркап баратасыз.

— Эгер мен бир бутумду байлап койбосом көз ачып жумгуча эле бүт дүйнөнү кыдырып чыга калам. А мен аны каалабайм,- дейт ал.

— Кайда баратасыз?

— Хандын түшкү тамагына.

— Ала кетейин, отуруңуз.

— Болуптур.

Тигил отуруп, кайра учуп жөнөштү.

Учушту, учушту… Бир маалда карашса, жол боюнда мергенчи жаасы менен бирдемени мээлеп атат, бирок айланасында бир дагы жандуу көрүнбөйт.

— Салам, агатай! Эч нерсе жок болсо деле эмнени мээлеп жатасыз?

— Кандайча эч нерсе көрүнгөн жок? Бул силерге эле көрүнгөн жок, а мага көрүнүп эле турат.

— Сиз эмнени көрүп турасыз?

— Тигине, мындан жүз чакырым алыста коён кетип баратат.

— Баракелде! Жүрүңүз анда биз менен.

Ал кемеге отуруп, дагы учуп жөнөштү.

Учушту, учушту… Карашса, жонуна бир кап нан көтөргөн адам жолдо баратыптыр.

— Салам, агатай!

— Кандайсың балакай?

— Сиз кайда баратасыз?

— Түшкү тамакка нан иштеп тапканы,- дейт нан көтөргөн киши.

— Бир кап нан азбы сизге?

— Ушул дагы көппү?! Муну мен бир отуруп эле жеп коюп, бирок дагы эле ачка калам.

— Биз менен учуңуз.

— Болуптур.

Кемеге аны да салып алышты.

Учушту, учушту… Карашса, көл боюнда бир киши бирдеме издеп жүргөсүйт.

— Салам, агатай!

— Кандайсың балакай?

— Сиз эмне издеп жүрөсүз?

— Суусадым, бирок такыр эле суу таппай жатам.

— Мына бул көл эмне суу эмеспи? Каалашыңызча иче бербейсизби?

— Ушул дагы суубу?  Мен муну бир эле ууртап койом.

— Жүрүңүз кеттик биз менен!

— Макул.

Аны да салып алышты.

Учушту, учушту… Карашса, бир киши кыштакка карай бир кап саман көтөрүп алып баратат.

— Салам, агатай!

— Алик, балакай!

— Саманды алып каякка?

— Кыштакка.

— Мына сага! Кыштагыңарда эмне саман жокпу?

— Бар, бирок мындай эмес,- дейт тигил.

— А мунуңуз кандай?

— Муну кандай аптаптуу жай болбосун чачып жиберсең заматта кар жаап, бороон уруп кирет, кыш түшөт.

— Андай болсо жакшы экен. Отуруңуз, ала кетели.

— Макул.

Учушту, учушту… Карашса, токойду карай бир таңгак отун көтөрүп алып бирөө баратат.

— Салам, агатай!

— Алик, балакай!

— Сиз отунду каякка алып баратасыз?

— Токойго.

— Мына сага! Эмне токойдо отун жок бекен?

— Бар. Бирок мындай эмес,- дейт тиги киши.

— А буларыңыз кандай?

— Булар жөнөкөй эмес айланага чачып жиберсең жайнаган жоокерлер пайда боло калат!

— Андай болсо бизге кошулуңуз.

Тигил макул болуп кайрадан учуп жөнөштү.

Көп учуштубу, аз учуштубу, бир кезде асмандан хандын түшкү тамагынын даяр болуп калганын көрүштү. Короо ортосуна коюлган үстөлдөрдө канаттуунун сүтүнөн башкасы бүт коюлуптур. Каалагандай же, ич, майрамда жаныңды жыргат! Эл болсо бүт хандык чогулуп келгендей: кыжы- кыйма, опур-топур, жаш-кары, бай-кедей, чоң-кичине, жаман-жакшы бүт баары жүрөт. Тимеле жармаңкедегидей! Акылсыз жолдон чогулткан достору менен учуучу кеме менен келип, дал эле хандын терезе тушуна конуп, түштөнүүгө жөнөштү.

Муну көргөн хан кызматчысына буюрду:

— Баргын, алтын кемеде ким учуп келди билип кел!

Кызматчы барып карап келип, ханга айтты:

— Кандайдыр бир андан-мындан чогулган келдирлер экен.

Буга хан ишенбейт.

— Келдирлер кантип алтын кеме менен учуп келишсин? Сен жакшылап караган эмес окшойсуң.

Мына эмесе ошондо хан өзү билгени жөнөдү.

— Ким бул кеме менен учуп келди?-  деп сурады хан.

— Мен,- деп өзүн төшкө коюп Акылсыз чыга калды.

Хандын аны көргөндө жүрөгү айланып кетти; көйнөгү кокоччо кир, шымы жок, чачы сапсайган, кейпи келишкен, акылы деле жакшы эместей.

Хан башын мыкчый калып кокуйлап жиберди:

— Оо, кокуй, кызымды кантип бул шакмарга берем?!

Ошентип хан кызын эптеп бербей коюштун аргасы менен амалданып Акылсызга тапшырма берип кызматкеринен айттырды:

— Баргын айткын, ал учуучу кемеде келсе дагы мүрөктүн суусун таппаса кызымды бербейм, ал гана эмес башын да алдырам!

Муну жер тыңшап уккуч угуп койду дагы акылсызга айтып, ал элчилеп жеп-иче албай капаланып отурду.

Муну көргөн бир буту таңылуу андан эмне болгонун сурады.

— Каяктан кекиртегимден өтмөк эле,- деп болгонун айтып берди Акылсыз.

— Кайгырба, аны мен алып келип берем!

— Андай болсо кана?!

Кызматчы келсе хандын тапшырмасын тигил эбак билип алгандыктан айттырбай эле жооп берди:

— Мүрөктүн суусу болот!

Тигил бутун кулагынан бошоткондо дароо көздөн кайым кетип, дароо эле мүрөктүн суусун таап, эл түштөнүп бүткөндөн кийин барайын деп күтүп отуруп, уктап кетти.

Түшкү тамак желип бүтөт, мүрөктүн суусунан дайын жок. Акылсыздын болсо жаны чыгып кеткендей өңү купкуу. “Өлдүм” дегенден башка башына ой келбейт.

Муну көргөн угаанак жата калып тыңшаса, тигинин коңуругу угулуп жатат.

— Кайгырба, ал иттин баласы уктап калыптыр, бирок сууну тааптыр.

— Эми эмне кылабыз, аны кантип ойготобуз?- деп капаланат Акылсыз.

— Муну уккан мергенчи өйдө тура калды:

— Коркпо! Мен ойготом!

— Мергенчи мээлебей эле атканда жебе ышкырып барып тигинин жанындагы ташка тийип тарс эткен катуу дабыш чыгып ойгонуп кетип, секирип туруп көз ирмегиче сууну алып келип калды.

Муну билген хан кайрадан кызын бербестин аргасын кылып дагы тапшырма берди:

— Баргын дагы айт, кырк наабайканамдан чыккан кырк миң токочумду түгөтө жебесе кызымды эмес кылычымдын кынын көрөт!

Муну угаанак угуп Акылсызга айтты.

—  Эми эмне кылам? Кырк миң токоч эмес мен бирди дагы түгөтө албайм,- деп Акылсыз ыйлап жибере жаздады.

— Ыйлаба! Мен кырк миң токочту жегенде орто тоют эле болом!- деп коноктордон калган нанды чогултуп жүргөн нан жегич тура калды.

— Кана, кырк миң токочуңар алып келгиле,- дейт хандын кызматкерине бир дагы сөз айттырбай Акылсыз.

Дароо эле кырк наабайга буйрук кылынып,  аз өтпөй шашылышта чала аачып, теңи камыр, теңи күйүк кырк миң токоч алдыга келтирилди. Нан жегич аларды ары-бери кайсап жеп, дагы токоч сурап турду:

— Эх,  дагы кырк миң  болсо!

Муну көргөн хан дагы буйрук берди:

— Кырк өгүздүн чаначындагы суу менен кырк серкенин тулубу толо шарап ичип берсин, анте албаса кылычым менен сүйлөшсүн!

Муну тыңшаган угаанак Акылсызга айтып ал кайрадан жер сабай баштады:

— Мен кырк чанач эмес бир көнөчөк сууну түгөтө албайм.

— Кайгырба!- дейт аңгыча ичээнек.-  Өзүм жалгыз баарын ичем, анда дагы суусунум канбай калат, дагы жок бекен?

Айтканындай эле ал бүт чаначтарды шалбырата шимирет.

Муну көргөн хан:

— Бул иттин баласын мончону катуу жагып, таң аткыча камап коюп, куйкалап өлтүргүлө!

Кызматчылар хандын айтканын эки кылмак беле, жөнөп калышты.

Муну угаанактан уккан Акылсыз мүңкүрөп отурганда, Саманчы бир кап саманын колуна карматып, мончого кирери менен касиеттүү самандан бир апчып айланта чачуусун кеңеш берди.

Адам бир заматта күйүп, думугуп өлчүдөй кылып жагылган мончого түртүлүп кирип, оозу жабылары менен сыйкырлуу самандан бир уучтап чачканда — заматта салкын боло түштү, дагы бир жолу чачса, өзү тоңуп калгыдай, ошондуктан шашпай жуунуп, жеңилдей түшкөн Акылсыз уктап кетти.

Эртең менен Акылсыз күймөк тургай бышып калды болуш керек деген ойдо эшикти ачышса, ал кебелбей уктап жатат.

Кызматкерлери болгонун болгондой айтып бергенде хандын эми чындап жини келип:

— Андай кыйын болсо миң аскеримди жиберем, миң аскерин чыгарсын. Эгер миң жоокер чыгара албаса, кылычым кынынан суурулат, анын башы ийининен учат,- деген хандын мээсинде мындай ой турду: “ Жөнөкөй киши өзүнө аскер колун кайдан тапмак эле? Ал эмес хан туруп мен эптеп аскер кармап жүрөм!..”

Мына ошентип буйрук да берилди.

Угаанак тыңшап турду да, баардыгын Акылсызга жеткирди. Муну уккан ал ыйлап; “Эми эмне кылам? Мынча колду кайдан топтойм?”

Кемедеги жолдошторуна барып:

—  Ой, досторум, жардам бергиле! Канча ирет куткарган элеңер эми да куткаргыла! Болбосо мен курудум!

— Ыйлаба!- деди аңгыча Отунчу ордунан тура калып.-  Мен сени куткарам.

Кызматчы келип хандын тапшырмасын билдирди:

— Ханыбыз эгер миң жоокер таба алсаң, ханбийке сеники деди, болбосо өз убалың өзүңө!

— Болуптур, хан өз сөзүнө турсун, антпечү болсо мен ага согуш жарыялап, ханбийкени күчкө салып тартып алам!

Ошентип Отунчу бир таңгак отунун алып,  Акылсызды ээрчитип, талаага чыгып, улам бир отун ыргыткан сайын сансыз жоокерлер катарга тизилди, улам бир отун ыргыткан сайын жоокерлер токойдой өсүп чыга берди. Эртең менен хан чыгып караса, шаарын айланта дүңгүрөгөн ушундай бир кол курчап калган экен, жүрөгү түшүп калды. Айласыздан кызын бермекчи болуп Акылсызды чакырды.

Муну Угаанак Акылсызга жеткирип, ал ханды карай жөнөдү.

Хан бир кезде өзүн карай бир баатыр чаап келатканын көрүп, коркуп кетти. Ага бул учуучу алтын кеме менен келген баягы өзү чанган бала экенин айтышканда кайра сүйүнүп, кучак жая алдынан тосуп чыкты. Акылсыз  кайнатасына жете берип атынан түшүп, таазим этип, кызынын колун сурады.

Анан ушундай үйлөнүү үлпөтү болуптур дейсиң! Бүт хандыктагы эл жыргап майрамдап, ал тургай баягы кырк наабайкананын кырк миң токочуна тойбогон киши тамак жей албай, баягы бир көлдүн суусун бир ичкен киши мас болуп калды деп келишти.

Ал тойго барбай калгандарга жаман болгон экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы64
Акылдуу кыз жомок54
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Акылдуу балдар27
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *