падыша жашаптыр. Ал бир кыздуу болот. Падыша кызын ушунчалык жакшы көрөт. Кыз убакыт өткөн сайын аябай чырайлуу болуп чоноё берет. Мына ушинтип ал чоноюп отуруп мектеп жашына жетет.

Күндөрдүн биринде кыз атасына:

— Атаке, мен мектепке баргым келип жатат. Балдардын баары мектепке даярданып жатат. А мен качан бара баштаймын?- деп сурайт.

Атасы болсо:

-Сен эч качан мектепке барбайсың!- деп кызын кагып салат.

Кызы атасын тушунбей калды го деп кайрадан:

— Атаке! Мен окугум келип жатат. Билимдүү инсан болгум келет,-дейт.

Атасы кызынын бул сөздөрүнө жини келип:

— Кимдер мектепке барат билесинби? Акылы аз, нан алганга акчасы жок жана бей-бечаранын балдары барат. Сен болсо улуу урматтуу падышанын кызысын. Айтчы кызым, сага эмне жетпей турат. Баары бар, ошондуктан алдагы мээңди чарчатуунун кажети жок, — дейт.

Кыз байкуш эмне кылсын. Колунан эч нерсе келбейт. Атасынын айтканына айласыздан кенет да, мектепке барбай калат. Кунугө жолдон мектепке карай бара жаткан балдарды карап, аябай капаланат.

Акыры падышанын кызы ооруп төшөккө жатып калат. Атасы өлкөдөгү кыйын дарыгерлерди чакырып, кызын айыктырат. Анан кызына түрдүү оюнчуктарды сатып берип, кызын алаксытат.

Убакыт өтуп кыз бойго жетип чоңоёт. Турмушка чыга турган жашка келет.

Бир куну падыша кызын чакырып:

— Кызым, азыр алыстан бизге конокко башка өлкөнүн падышасы келет. Анын жанында катуу сүйлөп, маанилуу чоң чон нерселер тууралуу айткын. Эгер уулуна жагып калсан сени келин кылып алат,- дейт.

Ошентип падышанын сарайына алыстан коноктор да ке лишет. Падыша атасы жана коноктордун баары чогулуп суйлөшүп отурган жерде кызы бийик отургуч алып келип, устунө чыгат да, катуу үн менен:

— Төө, тоо, пил, арстан, жолборс,- деп кыйкыра баштайт.

Атасы да, коноктор дагы кыздын бул жоругуна аябай тан калышат. Эч нерсеге түшүнбөгөн падыша кызына карап:

— Ай кызым, бул эмне кылганын? Коноктордун алдында мени уят кылып жатасын го?- дейт.

Кызы болсо:

— Атаке өзүн жогору туруп, чоң нерселер тууралуу айткын дебедин беле. Мен да сенин айткандай билген чон нерселерди атадым жана сиздин буйругунузду аткардым,- дейт.

Падыша ошол учурда кызын туура тушунөт да, аны убагында окууга жибербей койгонуна аябай өкүнөт. Анткени кызы таптакыр билимсиз, сөзгө түшүнбөс болуп калган эле. Кызынын бул жоругу учун падыша коноктордон кечирим сурайт. Конокко келген падыша акылдуу киши болгондуктан:

— Негизи окуп-үйрөнүүнүн эрте-кечи жок. Кызынды биз өзүбүз окутуп алабыз. Билимдуу кишилербиз. Чынында адамдын көрку келбетинде эмес, билиминде,- деген экен.

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *