«Чечкиндүүлүк ийгилик алып келет»

Аптаптуу бир күнү көптөгөн чымындар ызылдап ары-бери учуп жүрүштү. Топтун эң артында учуп жүргөн чымындар. топтон бөлүнүп калууну ойлошту. Алар акырындап артта калып отуруп, аягында топту таштап качып кетишти.

Эх! Топтон бөлок жүргөн кандай гана сонун… Каалаган гүлгө конушат, каалаган оюндарын ойношот…

Мына ушинтип ойноп журушуп топтон калып калышкан чымындар бир бакчага киришти. Ал жерден алар самындын көбүктөрү толуп турган бир челекти көрүштү. Анын ичинде эмне бар экенин билиш үчүн челекти айланып учуп жүрүшүп кокустан челектеги көбүктүү сууга түшүп кетишти.

Ошентип алар челектеги самындуу суунун ичинде калышты. Бир маалда жан талашкан чымындар көбүк ичинде ары-бери тыбырап сыртка чыгууга аракет кылып жатышты.

Бирок канчалык аракет жасашса да, чыга албай коюшту.

Бирөөсү коркконунан:

— Жардамга, жардамга, куткаргыла, — деп кыйкырып жатып чарчады.

Анан ал кайра жанындагы досуна карап:

— Эми бул жерден чыгууга эч мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ушул сууга чөгүп өлөт окшойбуз,- деди да кыймылдабай туруп калды.

Ушинтип ал көбүктүү сууга чөгүп кетти. Ал эми берки чымын болсо кичинекей буттары менен тыбырчылап отуруп, чон көбүктөрдү пайда кылды да, ошол көбүктөрдүн үстүнө чыкты. Анан канаттарын жыйнаганга аракет кылды.

Бир убакта салкын жел журуп, көбүктөрдү учура баштады. Чымын бир аз жерге чейин шамал менен кошо учуп барды да көбүк жарылганда чымын абага чыгып, өзү учуп жөнөдү.

Мынакей, ушинтип ар бир жан чечкиндүүлүк менен аракет кылса, оор кыйынчылыктарды артка калтырып, андан кутулуп чыгат.

Ошондуктан адам пайдалуу иштерде эч качан үмүтүн үзбөй, чечкиндүүлүк менен гана алга карай жылып жашашы керек.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *