Чычкан болуптур. Жаз келип, нельм менен осётр балыгын кармоону ойлонот. А балыкка чыгыш үчүн кайык керек да, туурабы? Кайыкты кайдан алмак элем деп, жаңгактын кабыгын кайык кылмай болот. А калактычы? Кайдан алса болот? Кайдан алмак эле, жалбыракты калак кылса деле болот да.
Ошентип сүзүп жөнөйт, кыңылдап ырдап:
– Жаңгак-кабык кайыгым: ляй-ляй-ляй… А жалбырак калагым деп кайыйын: ляй-ляй-ляй.
Бир айылга жеткенде жээктен балдар чурулдайт:
– Э-эй, чычкан, бери кел, татты жейсиң!
– Эмне болгон таттуу?
– Щука балык менен.
– Щука балыгыңар менен жебейм.
Кайрадан сүзүп жөнөйт, кыңылдап ырдап:
– Жаңгак-кабык кайыгым: ляй-ляй-ляй… А жалбырак калагым деп кайыйын: ляй-ляй-ляй.
Бир айылга жеткенде жээктен балдар чурулдайт:
– Эй, чычкан, татты жебейт белең?
– Эмне болгон татты?
– Өрдөктүн эти менен!
– Жок, өрдөк эти кошулган татты жегим келбейт!
Кайрадан кыңылдап жөнөйт:
– Жаңгак-кабык кайыгым: ляй-ляй-ляй… А жалбырак калагым деп кайыйын: ляй-ляй-ляй.
Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, айылдын балдары чурулдайт:
– Эй, чычкан, осётр икрасы кошулган таттыга келиң!
– Ням-ням-ням-ням, жандилимден барам анда, баратам!
Жээкке жетип барат. Алдына осётр икрасындагы даам келип, мыймыңдап жеп баштайт чычкан.
Жей берип, жей берип, курсагы чандыйат. Топтоголок болуп калат.
Балдар чуру-чуу түшүп:
– Чычкан, чычкан! – дешет. – Кайыгың да, калагың да сууга агып кетти!
Чычкан тызылдап жээкке чуркайт. Чалынып чыгылат. Иттин буту оюп кеткен чуңкурга чалыныптыр. Курсагы жарылат.
– Кыздар, кыздар! – деп кыйкырат чычкан, – учук сапталган ийне же темене алып келгилечи, курсагым жарылды!
Тызылдап жүгүргөн кыздар тез эле учук сапталган ийне менен чычкандын курсагын жамай салышат да, бутуна тургузушат.
Бечара чычкан темтеңдеп жаңгак-кабык кайыгын, жалбырак-калагын издеп жөнөйт. Отуруп дем алат. Көңүлү чөгүп, жолун улайт. Ырын болсо унутат. Болгону, кайыгы менен калагы гана ляй-ляй-ляй деп ырдаган бойдон агып кеткен дейт.